Жаңылыктар
Кум үстүндөгү футбол боюнча Азия чемпионатынын чүчүкулак тартуу аземи ушул жумада өтөт
Дүйнө
Кум үстүндөгү футбол боюнча Азия чемпионатынын чүчүкулак тартуу аземи ушул жумада өтөт

Кыргызстандын кум үстүндөгү футбол боюнча курама командасынын 2023-жылы өтүүчү Азия чемпионатындагы атаандаштары ушул жума белгилүү болот. Бул тууралуу Кыргыз футбол бирикмесинен билдиришти.

Кыргызстандын курамасы төртүнчү себетке жайгашты. Ал эми атаандаштарын аныктоо үчүн чүчүкулак тартуу аземи 19-январда Куала-Лумпурда өтөт.

Себеттердин курамы:
№1: Таиланд, Япония, БАЭ, Оман
№2: Палестина, Ливан, Иран, Бахрейн
№3: Малайзия, Кытай, Кувейт, Афганистан
№4: Кыргызстан, Индонезия, Сауд Аравия, Өзбекстан

Эске салсак, 16 курама команда катышкан Азия кубогу 2023-жылдын 16-мартынан 26-мартына чейин Таиландда өтөт.

Буга чейинки оюн 2019-жылдын март айында ошол эле Таиландда болуп, анда Япония финалда БАЭ командасын утуп, кубокту жеңип алган.