Жаңылыктар
Түштүк Кореядан келген дарыгерлер акысыз операция жасай башташты
Ден соолук
Түштүк Кореядан келген дарыгерлер акысыз операция жасай башташты

Бишкекте Түштүк Кореядан келген дарыгерлер акысыз операция жасай башташты. Анда  5 жаштан 10 жашка чейинки  балдардын жүрөгүнө  операция жасоо каралган. Мындай жардам көрсөтүүнү алууга өлкөнүн алыскы аймактарынан дагы бейтаптар  келишкен. Алардын айтымында бул саамалык  колунда жок жана социалдык абалы начарларга жакшы жардам болууда.   

Операциялар Улуттук жүрөк жана органдарды трансплантациялоо илимий-изилдөө институтунун өткөрүлөт. Чет элдик дарыгерлер эки  күн аралыгында  алгач оорулуулардын текшерүүдөн өткөрүп андан соң операция жасашат. Ошондой эле дарылоо иштерин дагы аткарышат. Алардын акысыз кызматын алууну каалагандар көп. Алардын бири Ош облусунун Алай районунан келген Кадырбек Эшмаматов бир жарым жаштагы небересин алып келген. Анын айтымында карапайым калкка мында  жакшы шарт жаралууда. 

Кордиологдор Кыргызстан менен Түштүк Кореянын өкмөт аралык кызматташуусу негизинде ишке ашырууда.   Дарыгерлер  быйыл Кыргызстанга 7-жолу келишти. Алар жыл сайын мындай  акысыз кызматын көрсөтүүнү адат кылып алышканын айтууда. Анкени Кыргызстанда жүрөк кан тамыр  оорулары менен  жабыр тарткандар аз эмес. Бул ирээт 5 жаштан 10 жашка чейинки  балдарды текшерип, жүрөгүнө  операция жасашат. Медицина илимдеринин доктору, кардио-хируг доктор Пак иш-чаранын максатты тууралуу мындай дейт.

- Быйыл Кыргызстанга  7-жолу  келип жатабыз. Бүгүн биз жүрөк  оорулары менен жабыркаган 6 балага операция жасайбыз. Мындай бекер акысыз  операция жасап жатканыбыз себеби Кыргызстанда тоолу өлкө болгондуктан кан  басымы жана жүрөк оорулары  менен  жабыркаган, операцияга  муктаждар көп  экен. Андан сырткары эки мамлекеттин медицина тармагынын кызматташуусун  жакшыртуу максаттына. бийик тткени лардын ичинде 6 бала.

Кыргызстанда мындай операцияларды кылууга мүмкүнчүлүк бар. Бирок өлкөдө бул багытта дээрлик  100 миң сомго чейин акча каражатына кызмат көрсөтүлөт. Мындай иш-чаралар колунда жок же социалдык абалы начарларга жакшы мүмкүнчүлүк болууда.