Футзал боюнча Кыргызстан кыз-келиндер курамасы 2023-жылдагы Борбордук Азиянын чемпионатына даярдык баштады.
Башкы машыктыруучу Олег Гевленконун жетекчилиги астында команда Бишкек шаарында машыгуу жыйынын өткөрүүдө. Ал жакка 20 футболчу чакыртылды. Окуу-машыгуу жыйыны 25-январда жыйынтыкталат.
CAFA Women’s Futsal Championship 2023 мелдеши Өзбекстандын Ташкент шаарында 25-31-январь аралыгында болот. Турнирге Иран, Тажикистан, Өзбекстан жана Кыргызстан курамалары катышат.