Жаңылыктар
Алимардон Шүкүров “Химкинин” экинчи окуу-машыгуу жыйынына барган жок
Спорт
Алимардон Шүкүров “Химкинин” экинчи окуу-машыгуу жыйынына барган жок

Футбол агенти Владимир Осипов Кыргызстан курама командасынын жарым коргоочусу Алимардон Шүкүровдун Москванын “Химки” клубуна өтүшү мүмкүн деп айтылып жаткан сөздөргө комментарий берди.

“Учурда, Алимардон Бишкекте үйүндө жүрөт, ал “Химкинин” экинчи окуу-машыгуу жыйынына барган жок. Келишимге кол коюла элек, бирок бул багытта иш жүрүп жатат”, - деди Осипов.

Буга чейин жарым коргоочу  декабрь айында, Түркияда өткөн “Химкинин” алгачкы машыгуу жыйынына катышканы маалымдалган. Шүкүров 2021-жылдан бери Беларусиянын “Неман” клубунда ойноп, команданын негизги оюнчуларынын бири болуп саналат. 2022-жылдагы сезондун жыйынтыгында кыргыз спортчусу “Неман” клубунун эң мыкты футболчусу болуп табылган.

Белгилей кетсек 2022-жылдын сентябрь айында Бишкекте Кыргызстан менен Орусия курама командаларынын ортосунда жолдоштук беттеш орун алган. Анда “Ак шумкарлардын жалгыз голун Алимардон киргизип, көпчүлүк күйөрмандарды өзүнө бурган. “Transfermarkt” порталы учурда жарым коргоочуну 300 миң еврого баалап жатат.