Кыргызстандык спортчу Немат Абдрашитов “Brave CF” уюмунун чемпиондук наамы үчүн кармаш өткөрөт. Беттеш 9-мартта, Израилдин борбору Тель-Авивде өтө турган “Brave CF 70” турниринин алкагында орун алат.
Анда кыргызстандык мушкер жеңил салмакта учурдагы чемпион орусиялык Роман Богатов менен кез келет. Абдрашитов аталган уюмда 3 беттеш өткөрүп, 3 жолу тең атаандаштарын нокаут менен жеңген. 31 жаштагы Абдрашитовдун рекорду, 18 жеңиш жана 8 жеңилүү. Бул жеңилүүлөрдүн көпчүлүгү карьерасынын башында болгон. Акыркы 6 кармаштан бери бул кыргыз спортчусу женилүү ызасын тарта элек.
Алдыдагы атаандашы Роман Богатов 32 жашта. Карьерасында жалпы 14 беттеш өткөрүп, 1 гана жолу утулган. 2022-жылдын октябрында болгон акыркы кармашында кореялык Таэ Кюн Кимди калыстардын чечими менен жеңген.
Эске салсак, 18-февралда ушул эле уюмдун Сербияда өтө турган мелдешинде дагы бир кыргыз мушкери Кубанычбек Абдисалам уулу жеңил салмакта чемпиондук наам үчүн күрөшөт.