Кум үстүндө футбол боюнча Кыргызстан курама командасы Азия чемпионатынын чүчү кулак тартуу аземинин алдында 4-себетке жайгашары белгилүү болду. Бул тууралуу Кыргызстан футбол союзунун басма сөз кызматы кабарлады.
Кум үстүндөгү футбол боюнча континенталдык биринчилик 2023-жылдын 16-мартынан 26-мартына чейин Таиландда өтөт. Турнирге жалпы 16 өлкө катышат. Мелдештин чучукулагы 19-январда Малайзиянын борбору Куала-Лумпур шаарында өтөт.
Буга чейинки Азия чемпионаты 2019-жылдын март айында Таиландда болуп, анда Жапония финалда Бириккен Араб Эмирликтерин жеңип, чемпион аталган. Ушул эле мелдеште Кыргызстан курамасы континенталдык биринчиликте дебют жасаган. Тайпалык баскычта кыргыз футболчулары 3 оюнда тең жеңилип, акыркы орунду ээлеген.