Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Таалайбек Масабиров Бишкек шаарындагы «Ак-Кула» ипподрому капиталдык оңдоого муктаж деп айтты.
Анын айтымында, спорттук жайдын имараты беш жылдан бери иштебей, оюндар өткөрүлбөй келет.
«Буга чейин ипподромдун ордуна кичирайон курулат деп айтылган. Бирок Бишкек мэриясы жаңы ипподром куруу долбоору бар экенин билдирди. Кийинчирээк кат аркылуу долбоор жок экенин айткан», - деди ал.
Депутат ипподромду сактап, туристтерди тартуу жана салттуу оюндарды өнүктүрүү үчүн ар бир дем алыш күндөрү ат оюндарын уюштуруу зарыл деп эсептейт.
«Көк бөрү жана улак тартыш ойногондордун өздөрүнө жакшы болмок. Эми өзүңөр көрүп турасыңар, эл талаада, тоодо, дарыянын боюнда ойноп жатышат. Ипподром иштей турган болсо, анда оюнчулардын коопсуздугу да сакталмак», - деп кошумчалады Масабиров.