Жаңылыктар
Анвар Хожиев Азия чемпионатынын (U-22) биринчи беттешинде жеңилип калды
Спорт
Анвар Хожиев Азия чемпионатынын (U-22) биринчи беттешинде жеңилип калды

Кыргызстандык боксчу Анваржан Хожиев Таиланддагы жаштар арасындагы Азия чемпионатынын биринчи беттешин уттуруп жиберди.

22 жашка чейинкилер арасындагы турнир 18-январда Бангкокто старт алган.

Анваржан Хожиев 1/8 финалдык баскычта казак мушкери Санжар Ташкенбай менен 48 кг салмак категориясында кезигип, калыстардын бирдиктүү чечими менен утулуп калды.

Таиланддагы турнирге Кыргызстандын атынан 12 спортчу кеткен.