Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы 2024-жылы Парижде (Франция) өтүүчү Олимпиада оюндарына тандоо турнирлерине катышат.
Кыргызстандын кыз-келиндер курама командасы Париждеги оюндарга кандайча тандалаары тууралуу жазганбыз.
Аялдардан айырмаланып, эркектердин Олимпиадага өзүнчө тандоосу жок. Эркектер командалары үчүн Олимпиада оюндарына тандоо Азия чемпионаты менен айкалыштырылган.
2024-жылкы Олимпиада оюндарына Азиядан катышуучулар жаштар арасындагы Азия чемпионатынын (U-23) жыйынтыгы боюнча тандалат.
Азия футбол конфедерациясынан 47 команда тандоо туруна катышуусу ыктымал. Алар Өзбекстанда 2022-жылы өтүүчү Азия Кубогундагы көрсөткүчкө, ошондой эле квалификациялык оюндарга жараша рейтинг боюнча 5 себетке бөлүнгөн.
Учурда Кыргызстандын курама командасы рейтингде 24-орунду ээлеп, чүчү кулакка чейин 3-себетте жайгашууда. Бул командалар андан кийин 4 командадан турган 11 тандоо тайпасына бөлүнүп, бир өлкөдө бир тур ойношот.
Тандоо турунун жыйынтыгы боюнча Азия Кубогунун финалдык баскычына тайпанын 11 жеңүүчүсү жана тайпада 2-орунга ээ болгон 4 мыкты команда жолдомо алат. Алардын катарына турнирди кабыл алган Катар курама командасы тандоосуз кошулат.
Азия кубогунун финалдык этабы (U-23) 2024-жылы январь айында болот. Катардагы турнирдин жыйынтыгында 3 мыкты команда түз эле Олимпиада оюндарына жолдомо алса, төртүнчү команда Африка Кубогунун төртүнчү командасы (U-23) менен Парижге жолдомо үчүн ат салышат.
Париждеги Олимпиада оюндарында 23 жаштан ашпаган оюнчулардан түзүлгөн командалар ойнойт. Ар бир команда курамга 3 тажрыйбалуу футболчуну кошо алат.