Жаңылыктар
УТРКнын концерттик студиясында “Бебезов” даректүү фильминин бет ачары болот
УТРК жаңылыктары
 УТРКнын концерттик студиясында “Бебезов” даректүү фильминин бет ачары болот

УТРКнын концерттик студиясында 20-январь күнү саат 16:00до «Кыргызтелефильм» киностудиясы тарабынан тартылган “Бебезов” даректүү тасмасынын бет ачары болот.

Бул фильмдин режиссеру Автандил Абышкаев. Таланттуу режиссер даректүү тасмада белгилүү хирург Хаким Бебезовдун өмүр жолун өзгөчө боектор менен бере алган. Эл ичинде Хаким Бебезовду Улукман акеге теңеп, колу жеңил, Кудайдын мээри түшкөн врач катары баалашат эмеспи.

Бала кезинен врач болууну каалап, ал максатына жетүү үчүн бардык дабандарды басып өтүп анан медицина илимдеринин доктору, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген врачы жана башка ондогон Эл аралык сыйлыктардын ээси болуш үчүн Хаким Бебезовдун эмгек жолу фильмде жеткиликтүү чагылдырылган.

Бир кезде медицина чөйрөсү бир эле Хаким Бебезовду билсе, азыркы күндө Бебезовдордун династиясы медицинанын бардык тармактарында иштеп жатышат. Бебезов деген фамилия азыр адамкерчиликтүү, өз кесибин жакшы билген жана интеллигент деген түшүнүктөрдү кошо өзүнө камтып калган.

Ал эми, башкы каармандын өмүрлүк жубайы жөнүндө айрыкча сөз кылууга болот. Хаким Бебезовдун врачтык карьерасын түптөгөн бул карапайым жана даанышман аял бүткүл өмүрүн күйөөсүнө жана балдарына арнап, алардын эл үчүн кызмат өтөшүнө өбөлгө түзгөн.

Хаким Бебезов өмүрлүк жары менен балдарына үлгүлүү жашоонун жолун көрсөткөн адамдар. Алардын балдары жана неберелери интеллигенттүү үй-бүлөдө өсүп, чоң ата-чоң энеси менен сыймыктанган муундун жаңы, жаш өкүлдөрү!

Фильмдин режиссеру жана сценарийдин автору Автандил Абышкаев, 

операторлору – Эрнес Мамытов, Күлчоро Нурсейитов, 

үн режиссеру –Флора Газиева, 

продюсери –Нуржан Токомбаева