Кыргызстандын Улуттук олимпиада комитети жана Улуттук дзюдо федерациясы машыктыруучулар үчүн техникалык курстарды ачты.
Улуттук олимпиада комитетинин басма сөз кызматы билдиргендей, 11-17-март күндөрү Бишкекте ЭОКтун Олимпиада тилектештиги долбоорунун алкагында дзюдо боюнча машыктыруучулардын аймактык курстары өтөт.
«Эл аралык дзюдо федерациясынан мальталык эксперттер улуттук федерациянын 14 машыктыруучусун даярдоо үчүн жөнөтүлөт», — деп айтылат маалыматта.
Биринчи деңгээлдеги практикалык сабактар Бишкектеги Дзюдо академиясында өткөрүлөт. Бул семинар IJF академиясынын онлайн тренингинин акыркы этабы болуп саналат.
IJFтин жаңы талаптарына ылайык, ар бир машыктыруучу IJF академиясы тарабынан дзюдо боюнча адис катары даярдалып, сертификатка ээ болушу керек.