Жаңылыктар
Турак-жай ипотекасынын пайызы төмөндөдү
Кыргызстан жаңылыктары
Турак-жай ипотекасынын пайызы төмөндөдү

 “Арзан турак-жай 2015-2020” программасы аркылуу берилчү ипотекалык насыялардын үстөгү 14 пайыздан 10 пайызга төмөндөдү. 

Мындай маалыматты мамлекеттик ипотека компаниясынын жетекчиси Бактыбек Шамкеев билдирди. 

Айта кетсек, ушул жылдын март айынан баштап мугалимдерге, социалдык, маданият кызматкерлерине жана дарыгерлерге ипотекалык негизде үйлөр бериле баштаган. Учурда өлкө боюнча 370 жаран үй алды. Кошумчалай кетсек программанын алкагында эми ар бир облус борборлоруна да жаңы үйлөрдү салуу пландаштырылып жатат.


Элдик Репортер КТРК : кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз!
WhatsApp +996551748118
Элдик Репортер КТРК : присылайте нам ваши видео, фотографии, заметили что-то интересное- отправляйте нам!
WhatsApp +996551748118