UFCнин кыздар арасындагы жеңил салмактагы чемпиону, кыргызстандык Валентина Шевченконун кийинки атаандашы белгилүү болду.
Кыргыз мушкери рейтингде 4-орунда турган, мексикалык Алекса Грассо менен таймашат. Беттеш 4-мартта Лас-Вегаста өтө турган UFC турниринде болот.
Маалыматка ылайык, эки спортчу тең беттеш өткөрүүгө макулдугун беришкен. Шевченко муну менен 8-жолу чемпиондук курун коргойт. Ал карьерасында 26 беттеш өткөрүп, 23 ирет жеңишке жетип, үч жолу жеңилүү ызасын тарткан.
Акыркы беттешин 2022-жылдын июнь айында өткөн UFC 275 турниринин алкагында өткөрүп, анда Шевченко бразилиялык Тайла Сантосту калыстардын чечими менен жеңип алган. Алдыдагы атаандашы Грассонун рекорду 15 жеңиш, 3 жеңилүү. Мексикалык мушкер акыркы 4 беттештен бери жеңилүү ызасын тарта элек. Акыркы эрөөлүндө ал Вивиан Арауджону уткан.