Жаңылыктар
Кыргыз-грузин кызматташтыгынын эки тараптуу багыттары боюнча маселелер талкууланды (жаңыланды)
Саясат
Кыргыз-грузин кызматташтыгынын эки тараптуу багыттары боюнча маселелер талкууланды (жаңыланды)

Президент Алмазбек Атамбаев менен Грузия Президенти Георгий Маргвелашвилинин ортосунда кеңейтилген курамдагы сүйлөшүүлөр болду. 

"Саммиттер менен жолугушууларда сиз менен көзмө-көз жолугуп сүйлөшүүгө мүмкүнчүлүгүбүз аз болду. Азыр калыптана баштаган достук мамиле менен ымала биздин өлкөлөр ортосундагы мамлекеттик дагы, маданий жана коомдук дагы деңгээлде алака-катыштарды жандантат деп ишенем", - деди Грузия Президенти. 

Ал эми Алмазбек Атамбаев «Мен Тбилисиге келгениме кубанып турам. Шаар, албетте, мага абдан жакты. Ал көп фильмдерден, китептерден көрүп, окуп мен элестеткендей экен. Мен бала чагыман грузин китептерин, ырларын көп окугам. Сиздин кеӊсеге жакын келгенде Николоз Бараташвилинин эстелиги турат. Эртеден бери символикалык иш-чаралар болду, биз курман болгондордун эстелигине гүлчамбар койдук, ошондо мен маркум фронтовик атамды эстедим. Балким, атам мене кошо грузиндер да согушкандыр”, - деди. 

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө кыргыз-грузин кызматташтыгынын эки тараптуу багыттары боюнча актуалдуу маселелер талкууланды.


Элдик Репортер КТРК : кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз!
WhatsApp +996551748118
Элдик Репортер КТРК : присылайте нам ваши видео, фотографии, заметили что-то интересное- отправляйте нам!
WhatsApp +996551748118