Жаңылыктар
Борбор калаада ата-мекендик өндүрүштөгү кийим-кечелердин көргөзмөсү өтүүдө
Экономика
Борбор калаада ата-мекендик өндүрүштөгү кийим-кечелердин көргөзмөсү өтүүдө

Бишкектеги Каба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайда, жеңил өнөр жай ассоциациясы уюштурган ата мекендик өндүрүштөгү кийим-кечелердин көргөзмөсү өтүүдө. 

Иш-чара 13-октябрда башталып, бир жумага созулат. Анда Кыргызстанда тигилген кийим-кечелердин бардык түрлөрү, бут кийим, шым-көйнөк, кышкы куртка, ичик жана баш кийимдерге чейин коюлган. 

Уюштуруучулар билдиргендей, көргөзмө ата мекендик өндүрүштү колдоо максатында өткөрүлүүдө. Учурда борбор шаардын базарларын Түркия,Кытай, Бангладештен келген кийимдер каптап, жергиликтүү ишкерлерге жетиштүү түрдө колдоо болбой жатканы айтылды. Көргөзмөдө баалар базар наркынан төмөн болмокчу.



Элдик Репортер КТРК : кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз!
WhatsApp +996551748118
Элдик Репортер КТРК : присылайте нам ваши видео, фотографии, заметили что-то интересное- отправляйте нам!
WhatsApp +996551748118