Жаңылыктар
Чикагодогу Башкы консул Б.Борбиев дүйнөнүн эки жолку чемпиону Билимбек Алмаматов менен жолукту
Спорт
Чикагодогу Башкы консул Б.Борбиев дүйнөнүн эки жолку  чемпиону Билимбек Алмаматов менен жолукту

17-январь күнү, Кыргыз Республикасынын Чикаго шаарындагы Башкы консулу Б.Борбиев кыргызстандык спортчу Алмаматов Билимбекти Калифорния штатынын Лос-Анджелес шаарында 2022-жылдын 7-декабрынан 11-декабрына чейин өткөн Джиу-джитсу IBJJF боюнча Дүйнө чемпиондугунун алтын медалы менен куттуктады. 

Дүйнө чемпиондугуна дүйнөнүн бардык булуң-бурчунан 5 миңден ашуун мыкты спортчулар катышкан. Алмаматов Билимбек экинчи жолу Джиу-джитсу IBJJF боюнча дүйнө чемпионатынын алтын медалын алууга жетишти.

Кыргыз Республикасынын Чикаго шаарындагы Башкы консулу Б.Борбиев дүйнө чемпионун тарыхый сыйлык менен куттуктап, Билимбек чыныгы спорттук мүнөздү, жеңишке болгон эрктүүлүгүн, акыркы секунддарга чейин күрөшө билгендигин, ошондой эле кыргызстандык спортчулар дүйнөлүк жогорку сыйлыктарга татыктуу экенин бүткүл дүйнөгө далилдегенин белгиледи.

Белгилей кетсек, Алмаматов Билимбек дүйнөнүн эки жолку чемпиону, ошондой эле спорттун бул түрү боюнча көптөгөн түрдүү мелдештердин жеңүүчүсү.

Өз кезегинде Б.Алмаматов Кыргыз Республикасынын Чикаго шаарындагы Башкы консулу Б.Борбиевге куттуктоосу үчүн ыраазычылык билдирип, спорттук карьерасында келечектеги пландары менен бөлүштү.