Жаңылыктар
Ильхам Алиев Садыр Жапаровду дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады
Саясат
Ильхам Алиев Садыр Жапаровду дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады

Азербайжандын Президенти Ильхам Алиев Президент Садыр Жапаровду өлкөлөр ортосунда дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады. 

Анда эки элдин ортосунда эзелтен терең тарыхый, маданий жана руханий байланыштар уланып келе жатканы айтылат. «Азербайжан элинин атынан жана жеке өзүмдүн атымдан Сизди жана элиңизди маанилүү дата - Азербайжан менен Кыргызстандын дипломатиялык мамилелеринин түзүлгөнүнүн 30 жылдыгы менен чын жүрөктөн куттуктайм жана эң жакшы каалоолорумду билдирем. Мындан отуз жыл мурда ушул бекем пайдубалга түптөлгөн, өзгөчө акыркы жылдары өнүгүп, стратегиялык өнөктөштүктүн деңгээлине жеткен мамлекеттер аралык мамилелер терең канааттануу сезимин жаратууда. Өз ара визиттер, үзгүлтүксүз байланыштар жана кол коюлган документтердин олуттуу пакети биздин кызматташтыгыбызды өнүктүрүүнүн жогорку динамикасын айгинелейт. Айрыкча өткөн жылы бир тууган өлкөлөргө жасаган биздин иш сапарларыбыз эки тараптуу мамилелерди сапаттык жаңы деңгээлге көтөрүүдө маанилүү роль ойноду», - деп айтылат Азербайжандын Президентинин куттуктоосунда.