Жаңылыктар
Президенттин Грузияга болгон сапары
Саясат
Президенттин Грузияга болгон сапары

Президент Алмазбек Атамбаев менен Президент Георгий Маргвелашвили эки тараптуу жолугушуулардан соң биргелешкен маалымат жыйынын өткөрүштү. 

Анда Алмазбек Атамбаев Грузиядагы соңку ондогон жылдардагы демократиялык кайра түзүүлөр жана жетишкен баалуулуктар өз өлкөсүнө да жакын экенин белгиледи. Президенттин айтымында, сүйлөшүүлөрдө кызматташтыктын маданий-гуманитардык аспектилери өзүнчө каралды.

“Мында жакшы жылыш бар. Быйыл сентябрда Ысык-Көлдө өткөн II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына грузин спортсмендеринин активдүү катышуусу жакшы мисал”, - деди Алмазбек Атамбаев. 

Ага катар бүгүн кабыл алынган чечимдер, ачык жана ишенимдүү талкуулар эки өлкө ортосундагы катнашты өнүктүрүүгө чоң салым кошорун белгилеп, жылуу кабыл алгандары үчүн ыраазылыгын билдирди. 

Өз кезегинде Президент Маргвелашвили Кыргызстан Грузиянын ишенимдүү досу жана өнөгү болуп калаарын белгиледи. «Бул жолку сапап аны ырастап турат. Ушул жолку келген сапарыңыз биздин өлкөлөр ортосундагы кызматташтыкты тереңдетүүгө өбөлгө болот деп ишенем», - деп жыйынтыктады сөзүн Грузия лидери.


Элдик Репортер КТРК : кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз!
WhatsApp +996551748118
Элдик Репортер КТРК : присылайте нам ваши видео, фотографии, заметили что-то интересное- отправляйте нам!
WhatsApp +996551748118