Жаңылыктар
Талас облусунда электр энергиянын өчүү графиги жарыяланды
Аймак
Талас облусунда электр энергиянын өчүү графиги жарыяланды

Талас электр тармактар ишканасы облустагы электр энергиянын өчүү графигин жарыялады.

Катуу суукка байланыштуу электр энергияны керектөө күндөн-күнгө өсүп жатат. Абоненттер турак жайларын жылытуу максатында колдонулган электр приборлору, көп сандагы турмуш-тиричилик техникалары электр энергиясынын төмөнкү себептер менен үзгүлтүккө учурашына себеп болууда:

- 6-10/0,4кВ чыңалуусундагы кабель жана аба чубалгылары, кубаттуулукка чыдабай күйүп, жарактан чыгууда.
- Трансформатордук көмөкчордондордо (6-10/0,4кВ) орнотулган өчүргүчтөр өз кубаттуулугуна жетип күйүүдө.
- Жогорку чыңалуудагы көмөкчордондордо (220-110-35/6-10 кВ) орнотулган өчүргүчтөрү токтун күчүнүн номиналына жетип, электр жабдууларды сактап калуу максатында автоматика иштеп, өчүрүүлөр катталууда.

Бакай-Ата, Кара-Буура, Манас, Талас райондору, Талас шаары боюнча жарыкка киргизилген чектөөнүн графиги:

Буга чейин башка аймактарда электр энергиянын өчүү графиги жарыяланган.