Жаңылыктар
Бүгүн 22 жашка чейинкилер арасындагы бокс боюнча Азия чемпионатында 3 кыргызстандык мушкер беттешет
Спорт
Бүгүн 22 жашка чейинкилер арасындагы бокс боюнча Азия чемпионатында 3 кыргызстандык мушкер беттешет

Таиландда бокс боюнча Азия чемпионаты (U-22) жалгашууда.

20-январда чейрек финалдык бөлүктө 19 беттеш болот.

Бул күнү рингге 3 кыргызстандык мушкер чыгат. Таймаш Бишкектин убактысы боюнча 13:00дө болот. Буга чейин Анваржан Хожиев биринчи беттешинде эле утулуп, мелдештен четтеп калган.

20-январдагы беттештердин тизмеси, 1/4 финал

54 кг

Aonyaem Ahanakon (Таиланд) - Ислам Торобаев (Кыргызстан)

57 кг

Суктхет Саравут (Таиланд) - Тургунбек Иманкадыров (Кыргызстан)

60 кг

Мирзохид Имамназаров (Кыргызстан) - Родсук Пхутханет (Таиланд)