Жаңылыктар
Балдарын мушташтырган аталар убактылуу кармоочу жайга алынды
Кыргызстан жаңылыктары
Балдарын мушташтырган аталар убактылуу кармоочу жайга алынды

6-7-жаштагы балдарын канжалаганча мушташтырып, көңүл ачкан аталар милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Окуя Өзгөн районунун Баш-Дөбө айылында болгон. 

Балдардын канга боёлгонуна карабай, ажыратып койгондун ордуна шыкак берип турган күбөлөрдүн баары катары менен жергиликтүү милиция бөлүмүнө чакыртылды. Балдардын аталары болсо, убактылуу кармоочу жайга камакка алынды. Бул факты боюнча Өзгөн райондук прокуратурасы 3 берененин негизинде: өспүрүмдөргө тарбия берүүдөгү милдеттерди аткарбоо, жашы жете элек балдарды кылмышка тартуу жана бейбаштык боюнча кылмыш ишин козгоду. 

Окуя Баш-Дөбөлүктөрдүн кызуу талкуусунда турат. Энелер эрдик кылган аталардын бул аракетин балдарга карата зомбулук иретинде кабылдашууда. Алардын пикиринде үйдө катаал тарбия көргөн балдардын келечеги бүдөмүк . 

Бул окуя наристелерге карата зордук-зомбулуктардын алгачкысы эмес. 2015-жылы январь айында атасынын тууганы тарабынан эс –учун жоготкончо токмоктолгон эки жаштагы Ибрагимдин тагдыры – республиканын айрым район-шаарларына үй-бүлөнү жана балдарды коргоо бөлүмдөрүн ачуу зарылдыгын көрсөткөн.

Бөлүм ачылган бир айдын ичинде эле турмуштун оор сыноосуна кабылган 121 баланы каттаган. Мунун ичинен 15и багар-көрөөрү жок жетим балдар. Окумуштуулар ар дайым жакшы ата-эне болуу бала үчүн жана анын келечеги үчүн пайдалуу экенин, бирок баланы муштум менен тарбиялоо көп учурда жардам бербей тургандыгын далилдешкен.



Элдик Репортер КТРК: кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз! WhatsApp +996551748118