Жаңылыктар
Кыргызстандык Тимур Чуйков тай бокс боюнча дүйнө чемпиону болду
Спорт
Кыргызстандык Тимур Чуйков тай бокс боюнча дүйнө чемпиону болду

Кыргызстандык спортчу Тимур Чуйков тайбокс боюнча 57 кг салмак категориясында дүйнө чемпиону болду. Бул тууралуу Маданият министрлигине караштуу Дене тарбия жана спорт башкармалыгынан билдиришти.

Турнир Пхукеттеги “Патонг” стадионунда өттү, дешти алар. Тимур легендарлуу АКА Таиланд клубунун өкүлү, учурдагы чемпион АКШлык Мбария менен беттешти. Эрөөл 3-раундда нокаут менен жыйынтыкталды.

Беттештен кийин кыргызстандык мушкер өзүн жакшы сезип турганын жана бул жеңишин кыргыз элине арнаганын айтты.