Жаңылыктар
Талаптар менен сындарга толгон жетекчилердин жыйыны
Кыргызстан жаңылыктары
Талаптар менен сындарга толгон жетекчилердин жыйыны

Мамлекеттик башкаруу айлампасы 30 жылдын ичинде “сен мага тийбе, мен сага тийбейин, эптеп убакытты өткөрүү” сыяктуу көндүм адаттар менен иштеп келсе, акыркы эки жылдан бери көзгө көрүнөрлүк бир топ өзгөрүүлөр болду. Бардык аракеттер элдин жашоо деңгээлин жогорулатууга багытталды.

Мындай форматтагы республикалык кеңешме биринчи жолу өткөрүлүп жатат. Аткарылган иштер боюнча бир катар мамлекеттик органдардын жетекчилери баяндама жасашты. Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов социалдык объектилердин курулушуна, калкты ичүүчү таза суу менен камсыздоого, аймактагы ишкердикти колдоого кеңири токтолду. Бирок баяндама Акылбек Жапаровдун купулуна толгон жок. Баамында Президенттин жана Министрлер Кабинетинин тапшырмалары тийиштүү деңгээлде аткарылган эмес.

Нарын облусу боюнча да аткарылган иштерге караганда көңүл бурулбай жаткан жагдайлар арбын. Алыскы Ак-Талаа жана Ат-Башы райондорунда дарыгерлер жетишсиз. Демек мамлекеттин калктын саламаттыгына кам көрөбүз деген саясатына таптакыр көңүл бурулган эмес.

Бир катар алгылыктуу көрсөткүчтөр менен чыккан борбор калаанын мэрине шаарды ыштан арылтууга бир жылдык убакыт берилди. Келээрки кышка чейин калаада жалаң газ менен жүрүүчү автобустарга өтүү керек. Бул багытта тиешелүү министрликтер менен биргелешип иш алып барып, миң автобус сатып алуу маселеси кабыргасынан коюлду. Ошол эле учурда Бишкектин тегерегиндеги конуштар газ менен камсыз болууга тийиш.