Жаңылыктар
Ош жарыкты убактылуу өчүрүүнү кандай кабыл алды?
Кыргызстан жаңылыктары
Ош жарыкты убактылуу өчүрүүнү кандай кабыл алды?

Ошто да электр жабдыктарынын иштен чыгуусун алдын алуу максатында таңкы 7ден кечки 11ге чейин маал-маалы менен жарык өчүрүлмөй болду. Калаада бир жарым, райондордо 2 сааттан эки маал каралган. Жеринде түшүндүрүү иштери башталды. Квартал комитеттерине жарык өчкөн учурда коопсуздук эрежелерин күчтөндүрүү милдеттендирилди.

Графикке ылайык, жарык Ош облусунун район, аймактарында 2 сааттан, Ош шаарында бир жарым сааттан өчүрүлмөй болууда. “Ош электр” ишканасына таандык жалпы 107 көмөкчордон болсо, мунун 88ине атайын график кирген. Стратегиялык маанидеги объектилерде жарык өчүрүлбөйт. Ал эми Ош шаарында жылуулукка кошулбаган электр энергиясы менен ысытылган 32 көп кабаттуу үй бар.