Жаңылыктар
Чек ара: эки ирет талкаланган мектеп кайра жаңыланды
Кыргызстан жаңылыктары
Чек ара: эки ирет талкаланган мектеп кайра жаңыланды

Лейлек районундагы Максат айылдык мектеби кайрадан окуучулар үчүн эшигин ачканга даяр. Эске салсак, бул мектеп кыргыз-тажик чек арасындагы окуяларда эки ирет катуу жабыркаган. Акыркы жолу сентябрь айындагы чыр-чатакта коңшу тараптын аткылоосуна дуушар болуп, жараксыз абалга кептелген. Андан бери окуучулар онлайн окууга өтүшкөн. Президенттин тез арада калыбына келтирүү тапшырмасына ылайык, билим уясы толук оңдоодон өттү. 

Сентябрь айындагы каргашалуу окуядан Максат айылында жалпы 21 турак үй, айылдык ФАП, милиция бөлүмчөсү, мектеп жана 100 орунга ылайыкташкан "Сейтек" балдар бакчасы жабыркаган. Учурда социалдык объектилер капиталдык оңдоп түзөөдөн өткөрүлүп, 21 үй кайра курулуп, айрымдарынын чатырлары жабылууда.