Жаңылыктар
Жеткиликтүү турак жай көйгөйү чечилет
Кыргызстан жаңылыктары
Жеткиликтүү турак жай көйгөйү чечилет

Жеткиликтүү турак жай менен камсыздоодогу мүчүлүштүктөр жөнгө салынат. Бул тууралуу атайын мыйзам долбоору иштелип чыкты. Акыйкатчы институту баштаган жумушчу топ, эл өкүлдөрү жана коомдук уюмдар тармактагы кемчиликтерди талкуулап, маселени чечүү жолдорун айтышты. Жыйынга катышкан депутаттар ал үчүн өлкөдө бардык мүмкүнчүлүктөр бар дешет.

Күн сайын турак жай маселеси боюнча Акыйкатчыга кайрылган жарандардын саны арбын. Алардын көбү көп кабаттуу үйлөрдү сатып алууга шарты болбогон, калктын аялуу катмарынын өкүлдөрү. Себеби мындай турак жайлардын баасы кымбат. Эгемендик алганга чейинки курулган үйлөрдүн көбү менчиктештирилип, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн көйгөйүн чечүү унутта калган.

Буга чейин ар бир жаранга үлүш жер берүү мыйзам менен корголсо, кийин бул жокко чыгарылган. Бирок мамлекеттин алдында жарандарды социалдык жактан камсыздоо милдети бар.

Турак жай менен камсыз кылуу жагынан Кыргызстан кошуна мамлекеттерге салыштырмалуу алда канча артта. Жарандардын жетиштүү бөлүгү үйлүү болуш үчүн өлкөдө 7,5 миңге жакын көп кабаттуу үй курууга туура келет.

Турак жайдын жетишсиздигинен сырткары бул багытта укуктары бузулган жарандар да көп. Учурда Бишкекте 48, Ошто 34 жана Чолпон-Атада 5 соттук териштирүүлөр аягына чыкпай келет.