Жаңылыктар
Россиядагы кыргыз мигранттарынын маселеси
Кыргызстан жаңылыктары
Россиядагы кыргыз мигранттарынын маселеси

Россиядагы кыргыз мигранттарынын айрымдары иш берүүчүлөр менен эмгек келишимин түзбөгөндөн улам мээнет кылып иштеген жумуш акысынан кол жууп калышууда. Акыркы 3-4 ай аралыгында Россиядагы Кыргызстандын элчилигинде иштеген кызматкерлер мекендештерибизге укуктук жактан жардам берип, ала албай жаткан 12 миллион рубль акчасын кайтартып берген.

Россиядагы элчиликтин консулдук бөлүмүндө бир нече багыттар боюнча жумуштар аткарылат. Бул жерге күн сайын 100гөн мекендештерибиз келип ар кандай суроолор боюнча кайрылат. Кайрылгандардын арасында эмгек акысын ала албай жүргөндөр, паспортун жоготкондор жана башка толгон-токой көрүнүштөр бар.

Дипломаттык кызмат таңкы саат тогузда эшигин ачып түшкө чейин арыздарды кабыл алат. Түштөн кийин 2 саат бою суроолорго жооп изделип, иликтеп тактоо иштери жүрөт. Жообу болсо кечинде берилет. Элчиликте күн сайын оор кырдаалда калган же болбосо башка дагы жумуштарын бүтүрүүгө ашыккан адамдын аягы үзүлбөйт.

Адистердин айтымында мекендештерибиз бөтөн өлкөнүн миграциялык мыйзамын сактабай жүрүп кенебестиктин айынан түркүн балээге кабылат. Консулдук бөлүмдөгү кызматкерлер көйгөй чечем деп жүрүп түрлүү кесипти аркалаганга туура келет.

Кыргызстан ЕАЭБ мүчө болгондон тарта кыргыз мигранттарына көптөгөн жеңилдиктер каралды. Бирок айрым мекендештерибиз ошону туура пайдаланып кете албай кыйынчылыкка дуушар болот. 

Россияда иштеген кыргызстандык мигранттарга жумуш берүүчүлөрдөн айлык акысын алуу чоң көйгөйгө айланууда. Мигранттар ишке көбүнчө ортомчу ишканалар аркылуу алынгандыктан, 2-3 айлап эмгек акысын ала албай жүргөндөрдүн саны көбөйгөн.


Элдик Репортер КТРК: кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз! WhatsApp +996551748118