Жаңылыктар
Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров кеңешме өткөрдү
Саясат
Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров кеңешме өткөрдү

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров кеңешме өткөрдү. Анда Министрлер Кабинетинин отурумунда чечимдер ыкчам кабыл алынып, добуш берүү процесси электрондук форматта өтө турганы айтылды. 

Акылбек Жапаров Президенттин алдыдагы электр энергиясына болгон тарифтердин көтөрүлүшүнө байланыштуу элге кайрылуусуна дагы кеңири токтолду. 

Айтымында, тариф саясатында боло турган өзгөртүүлөр толугу менен экономикалык эсептөөлөр жана илимий негиздемелер менен тастыкталган. Бул Советтер Союзунан бери өзгөрбөгөн энергетикалык жабдууларды жана коммуникацияларды жаңылоого мүмкүндүк берүүчү зарылчылдык.