Жаңылыктар
Мыйзамсыз жүргөн мигранттар
Кыргызстан жаңылыктары
Мыйзамсыз жүргөн мигранттар

Орусиянын аймагында болжол менен 240 миң Кыргызстандык мекендештерибиз мыйзамсыз иштеп жүрүшөт. 

Мындай маалыматты миграция боюнча кызматтын төрагасынын орун басары Алмазбек Асанбаев билдирди.

Жалпысынан Орусияда 570 миң мигрантыбыз иштейт деп айтылып келет. Ошол эле учурда миграциялык эрежелерди сактабагандыгы үчүн Кыргызстандан чыгарылган чет өлкөлүктөр дагы аз эмес. 

Жылдын 10 айындагы маалыматты карап көрсөк, мамлекеттик чек араны кесип өткөн чет өлкөлүктөрдүн саны 8 миллиондон ашкан. Алардын ичинен 4 миңге жакын адам мыйзам бузганы үчүн административдик айып төлөп, өлкөдөн чыгарылган.


Элдик Репортер КТРК : кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз!
WhatsApp +996551748118
Элдик Репортер КТРК : присылайте нам ваши видео, фотографии, заметили что-то интересное- отправляйте нам!
WhatsApp +996551748118