Жаңылыктар
Москвада өрттөн каза болгондорго компенсация төлөнөт
Кырсык
Москвада өрттөн каза болгондорго компенсация төлөнөт

Орусиянын камсыздандыруу фонду Москвадагы басмаканадан чыккан өрттөн каза тапкан 14 кыргызстандыктын жакындарына ар бирине миллион рубль өлчөмүндө компенсация төлөп бермей болду. 

Мындан сырткары өрт чыккан “Печатный экспресс” басмаканасынын директору 300 миң рублдан каражат берет. Ушул тапта 14 үй-бүлөнүн төртөө 300 миң рублдик жардамды колдоруна алышты.  

Ал эми калган 10 үй-бүлө дагы берилген жардамдан баш тартпастыгын билдиришкен. Ал арада Москвадагы кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү 512 миң рубль каражат чогултуп, өрттөн каза тапкандардын туугандарына беришкен. 

Буга чейин өлкө башчысы Алмазбек Атамбаевдин атынан 150 миң сомдон компенсация берилген. Мындан сырткары Кытай Эл Республикасынын Кыргызстандагы элчилиги 1 миллион сом жана Кыргыз Улуттук Университети тарабынан 1 миллион сом өлчөмүндө жардамдар көрсөтүлгөн. 

Ал эми каза болгондордун сөөктөрүн алып келүүгө миграция боюнча кызматтын бюджетинен 4 миллион  300 миң сом авиакомпаниянын эсебине которулган.


Элдик Репортер КТРК : кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз!
WhatsApp +996551748118
Элдик Репортер КТРК : присылайте нам ваши видео, фотографии, заметили что-то интересное- отправляйте нам!
WhatsApp +996551748118