Жаңылыктар
Ысык-Көлдө турбазадан өрт чыгып, пенсинер каза болду
Кырсык
Ысык-Көлдө турбазадан өрт чыгып, пенсинер каза болду

Ысык-Көл районунун Кызыл-Өрүк айылындагы “Улан” турбазасынын 20 чарчы метр өткөрүү пункту жана ичиндеги буюмдары күйгөн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, өрттүн кесепетинен 1949-жылы туулган К.А. аттуу эркек киши жабыркап, денесинин 90%ы күйүп, 4 даражадагы күйүк алган. Жабырлануучу ооруканага жеткирилгенден кийин каза болуп калган. Өрттүн себеби такталууда.