Жаңылыктар
Кыргызстанда дем алышта 16 өрт кырсыгы катталды
Кырсык
Кыргызстанда дем алышта 16 өрт кырсыгы катталды

Кыргызстанда сутка ичинде 16 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында 3, Ош шаарында 3, Чүй облусунда 6, Ош облусунда 1, Жалал-Абад облусунда 1, Баткен облусунда 2, Ысык-Көл облусунда 1 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 20 күжүрмөн эсеп тартылган.

Алсак, Сокулук районунун Ак-Ордо конушундагы Ордо көчөсүндө турак үйдүн короосунда “Хонда-Аккорд” үлгүсүндөгү жеңил унаа толугу менен күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Аламүдүн районунун Төмөнкү Ала-Арча айылында жалпы аянты 450 чарчы метр болгон Түндүк-Чыгыш бажысынын жыгач устундуу калай жабылган чатыры, от жагуучу бөлмө, ток берүүчү генератор, аликабонд менен капталган сырткы жасалгасы, эшик, терезелер, толугу менен күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Баткен шаарындагы Курманжан-Датка көчөсүндө турак үйдүн 40 чарчы метр ашкана жана жуунучу бөлмөсү күйгөн. Өрттүн натыйжасында: 1979-жылы туулган Н.А. аттуу эркек киши жабыркап, 1-даражадагы күйүк алган. Өрттүн себеби такталууда.