Кыргызстанда 14нөн 20-январга чейинки аралыкта 18 миң 197 жол эрежесин бузуу фактысы катталды. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, анын ичинен:
- тийиштүү документтери жок транспорт каражаттарын башкаруу — 186;
- мас абалында автоунаа башкаруу — 157;
- автоунаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу — 47;
- жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар — 393;
- транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу — 6 221;
- автоээнбаштык — 11;
- жогорку ылдамдыкта унаа башкаруу — 1 635;
- башка жол эрежелерин бузуу фактылары — 9 547.
Ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 1 миң 211 автоунаа айып короосуна киргизилди.