Доор инсаны
Аида Кубатова, тарых илимдеринин кандидаты, КР УИАнын Б.Жамгерчинов атындагы Тарых, археология жана этнология институтунун Кыргызстандын ХХ–ХХI кк. тарыхы бөлүмүнүн башчысы
Кыргыздын алгачкы “Алиппесинин” автору
-2022-жылы XX кылымдын илимпоз-агартуучусу Ишеналы Арабаевдин 140 жылдык мааракеси белгиленди. Адегенде тактоо киргизип алууну туура көрүп олтурам. Илимпоздун аты-жөнүнүн туура аталышы кандай? Ошону менен катар улуу инсандын тарыхтагы орду тууралуу кандай маалыматтар бар?
-Ооба өткөн жылы өлкөбүздүн тарыхына, маданиятына жана мамлекеттүүлүгүн түптөөгө салымын кошкон Ормон хан Ниязбек уулунун 230, Байтик Канай уулунун 200, Түгөлбай Сыдыкбековдун 110 жылдыгы жана Эшенаалы Арабаевдин 140 жылдыгы белгиленди. Алардын ичинен Эшенаалы Арабаевдин ишмердүүлүгүнө токтолсок, көпчүлүк эл мурда агартуучу катары карап келсе, учурда анын саясий ишмер, ХХ кылымдын башында мамлекеттүүлүктү түптөгөн А.Сыдыков, Т.Жанузаков, Ж.Абдрахманов, И.Айдарбеков, Д.Зулфибаев ж.б. улуу инсандардын катарында тургандыгы тастыкталып, белгилүү болду.
Арабаевдин ысмы тууралуу да талаштар арбын. Бизге белгилүү маалыматтарда, архивдик документтерде анын ысмы ар кандай түрдө Эшенаалы, Ишан-Гали, Ишеналы деп жазылат. Чындыгында кыргыз тилинде Ишеналы,Эшенаалы деген ысымдардын экөө тең эле бар. Бирок, менин жеке пикиримде, Арабаевдин аты Эшенаалы болсо керек деп ойлойм. Анткени, эскерүүлөрдүн көбүндө Эшенаалы деп эле эскерилет. Мисалы, аны менен Уфадагы “Галия” медресесинде чогуу окуган Каюм Мифтаковдун КР УИАнын Кол жазмалар фондунда сакталган эскерүүлөрүндө Эшенаалы деп жазган. Мен да Эшенаалы деген туура деген ойдомун, документтерди толтурганда туура эмес жазылып калган учурлар Совет доорунда өтө эле арбын кездешет. Мисалы, Джумалы, Иргаш, Юсуп ж.б. Бул маселени да тактоо максатында тарыхчылар, тилчилер, адабиятчылар менен атайын талкуу уюштуруулары зарыл.
- Жыйырманчы кылымдын башында, али Совет өкмөтү орной элек кезинде эле кыргыз элинин илим-билимге умтулуусунун өкүлү, кыйын чыкма уулу катары Орто Азиянын шаарларын кыдырышы баары бир акча каражатына, кимдир бирөөлөрдүн колдоосуна байланыштуу экендиги талашсыз чындык. Окумуштуу кайсы шаарлардан билим алган?
-Бул суроого жооп бериш үчүн улуу агартуучунун КР Коомдук-саясий документациялар архивинде сакталып турган өздүк ишиндеги (личное дело) өз колу менен жазган өмүр баянынан кыскача маалымат беребиз. Анда Э.Арабаев атасынан өтө эле эрте, эки жашында айрылгандыгын, он жашка чейин энесинин колунда тарбияланып, андан соң бай кыргызга койчу болуп жан бага баштагандыгы (эки жыл чамасында), кийин молдого кызматкер болуп жалданып иштеп, ошол эле учурда андан сабатын жоюуга аракеттенип, 18 жашка чейин молдонун колунда жүргөндүгүн жазган. Билим алууга дилгирленген жаш улан Каракол шаарына келип, адеп эскиче окуткан мектепке кирип окуйт, бирок мындан эч кандай деле пайдалуу билимге ээ боло албагандыгын сезет. Ошол мезгилде Каракол шаарында жаңы усулдагы “усули жадид” – мусулман мектептеринин ачыла баштагандыгынан Эшеналы Арабаев ал мектепке келип кирет. Белгилей кетчү нерсе, бул мектептерде мурдагы диний мектептерден айырмаланып, дин сабагынан тышкары, бүгүнкү күндө мектептерде окулуп жаткан география, математика, геометрия, орус тили, ислам тарыхы ж.б. предметтерди окуткан. Мектепте окуткан мугалимдерден ал айрыкча, Заир Таировду баса белгилейт. Анын кеңеши менен бир жылдан кийин билим алуу үчүн Россиянын Оренбург шаарына багыт алат. Бирок тилекке каршы, медресеге (ал учурда кадимкидей эле мугалимдердин катышуусу менен экзамен тапшырып кабыл алышкан) кире албай калгандыктан , Константинополго келип, түрк гимназиясынын үчүнчү классына кабыл алынат. Ал жерде алты ай окуган соң, Арабстандын Мекке, Медина, Түркиянын Измир, ошондой эле Бейрут ж.б. шаарларын кыдырат. Бир жарым жылдан кийин Константинополго келип, кайрадан окуусун уланткан. Ал жерде окуп жүргөн мезгилинде Петрограддан келген революциялык маанидеги гезиттерди алып окуган. Мындай саптар анын ошол мезгилде орус тилин да билгендигинен кабар берип турат. Бул жөнүндө Э. Арабаев “Петрограддан революциялык газеталарды алып тургандыгымды Ульфардан билип калган түрк өкмөтү көзөмөлдөй баштагандан кийин, мындай жашоого чыдай албай, кайрадан Оренбургга качтым. Ал жерден Хусаиновдун гимназиясына–медресеге кирип окуй баштадым”, деп жазган. Ал каникул учурунда мекенине келип, акча табуу максатында балдарды окуткандыгын, бир жылдан кийин Уфа шаарындагы “Галия” деп аталган ошол мезгилдеги алдыңкы жогорку окуу жайлардын катарында турган медресеге келип кирип, ал жерде үч жыл окуп, 1912-жылы аяктагандыгы тууралуу маалыматтар бар.
Маалыматтар Э.Арабаевдин кайсы шаарларда окуп, кандай билим алгандыгын тастыктап турат. Бирок, албетте жогорудагы суроо бизди да кызыктырган. Колунда каражаты жок адамдын кандайча жогоруда аталган шаарларды кыдыргандыгын билүү максатында бир топ окумуштууларга суроо салдык. Алардын айрымдары бүгүнкү күндөгүдөй эле арабдар колдоо көрсөтсө керек, айрымдары өзү каражат топтосо керек, деген ойлорун билдиришти. Туугандарынан да сураштырып көрдүк. Ошондо анын балдызы Турсункан Абдылдаева эже менен кокусунан таанышып калып, жолугуштук. Эженин айтуусунда анын чоң атасы Абдылда менен Э.Арабаевдин кайнатасы Кайбылда бир туугандар экен. Алар Тоң өрөөнүндөгү белгилүү манап Алматайдын уулдары болгон (анын Сооронбай, Малы деген да уулдары белгилүү). Ушул адамдар ажылыкка барганда кыргыздын бир сабаттуу жигитин жандарына алып жүргөндүгүн жана кийин ал Уфадагы “Галия” медресесин аяктаган соң Тоңдун Туура-Суу деген айылына чакырышып, ал жердеги Сагаалы манап ачкан жаңы усулда окутуучу, мектепке мугалим болуп иштеп калгандыгын айтты. Биздин пикирибизде, ушул оозеки маалымат чындыкка жакындашат. Эшенаалы Арабаев ошол жерден Кадичага үйлөнгөн. Кадича болсо ошол чөлкөмдөгү кадыр-барктуу Кайбылда ажынын кызы болгон. Билиминен башка эч нерсеси жок жигитке кызын бергендиги да бекеринен эмес, анткени кыргыздар билимдүү адамдарды сыйлап, эл арасында “билеги күчтүү бирди жыгат, билими күчтүү миңди жыгат”, “билимдүүгө дүйнө жарык” ж.б. илгертен айтылып келгендиги маалым. Ал Төрткүл айылында Сагаалы манаптын демилгеси менен ачылган Илебайдын төрт-беш бөлмөлүү чоң тамын мектеп кылып, балдарды окуткан. Жаңыча билим алып, жаңыдан иштей баштаган мугалимдерди өз тажрыйбасы менен тааныштырып, бала окутуунун ыкмаларын шакирттерине үйрөтүүгө аракеттенген. Ал өзүнүн айланасына бир катар демилгелүү мугалимдерди чогултуп, эми ишти кызуу жүргүзө баштаган кезде 1916-жылдагы кыргыздардын көтөрүлүшү ийгиликсиз аяктаган соң ал аргасыздан эл менен Кытайга качкан.
-Кыргыз элинин биринчи агартуучу-илимпозу, алгачкы “Алиппенин” автору, улут алфавитинин уңгусун түзүп, жазма маданиятыбызды калыптандыргандардын бири Ишеналы Арабаевдин илимий эмгектери жана ишмердүүлүгү тууралуу...
-Кыргыздын алгачкы агартуучусу, улуттук интеллигенция өкүлү Эшенаалы Арабаев Уфа шаарындагы “Галия” медресесинде окуп жүргөн учурда эле коомдук-саясий иштерге жигердүү катыша баштаган. Ал учурда медресенин жалпы эле тарбиялануучулары активдүүлүгүн көрсөтүшүп, “Парлак”, “Анг” жана “Без” (татар-башкыр жердешчилиги), “Садак” (казак-кыргыз жердешчилиги) аттуу гезит-журналдарды чыгарышкан, адабий-музыкалык кечелерди өткөрүшкөн. Кыргыз-казак жаштары өз эне тилинде китептерди бастырып жана котормолор менен алектене башташкан. Алардын ичинен Эшенаалы Арабаев жана Хафиз Сарсекеев “Алифба йаки төтө окуу” же болбосо алгачкы “Алиппени” 1911-жылы Уфа шаарында чыгарышкан. Анын замандашы Салих Касымов мындайча эскерген: «Арабаев Уфа шаарындагы “Галия” медресесинде окуп жүргөн кезинде ал мектептен мен да окуп калдым. Ишеналы Арабаев бизден эки курс жогору окуган жана жашы да бизден беш-алты жаш улуу шакирттерден болучу. Медреседеги шакирттердин арасынан Ишеналы өтө чоң кадыр-баркка ээ эле. Салтанаттуу жыйналыштар болгондо, ал дайым президиумдарда, бизди окуткан мугалимдерибиздин катарында отура турган, анткени ал жаңы ыкма менен жазылган, жалпы элдин сүймөнчүлүгүнө ээ болгон «Төтө окуу» аттуу алип-бээнин авторлорунун бири болучу. Арабаевдин «Төтө окуусу» менен бала окутса, балдар катты тез таануучу. Биз шакирттер жайкы дем алыш мезгилинде казак айылдарына барып, бала окутуп акча таап кайтчубуз. Балдарын окууга бере турган казактар да: баланы кайсы алип-бээ менен окутасың? «Төтө окуу» мененби? деп алдын ала эскертип, бизден такып сурап турушаар эле».
Агартуучу Эшеналы Арабаев өзүнүн көптөгөн алдыңкы замандаштары сыяктуу эле Кыргызстан аймагында да жаңы усулдагы мектептер, алардын ичинен Нарын, Каракол аймактарындагы мектептердин ачылышынын демилгечиси болуп, ал жерлерде агартуу иштерине түздөн түз көмөк көрсөткөн. Ошол мезгилде окуу китептери жетишпей турганда анын алиппеси алгачкы агартуучулар үчүн табылгыс таберик буюм болгон. Аны колдон колго бапестеп өткөрүп, жетпегендери көчүрүп жазып, калктын сабатын ачууга пайдаланып келишкен. Деги эле ошол мезгилде бул жаңы усулдагы мектептерден билим алгандар негизинен кыргыз интеллигенциясынын башатында турушуп, алар коомдогу социалдык-саясий, экономикалык жагдайды жакшыртууга тынымсыз аракеттерди жасап келишкен. Совет бийлиги орногондон кийин да алар элдин жаркын келечеги үчүн ишмердүүлүктөрүн улантышкандыгын белгилеп кетүү абзел. Тилекке каршы, улуттук интеллигенциянын башатын түзгөндөрдүн көпчүлүгү тоталитардык режимдин курмандыгына айланышып, ойлогон максаттарын жүзөгө ашырбастан, турмуштан эрте кеткендиги өтө өкүнүчтүү.
Кийин Совет бийлиги орногондон кийин Э.Арабаев агартуучулук аракеттерин андан ары уланткан. 1922-жылы Түркстан АССРинин Агартуу эл комиссариатынын алдында уюшулган Кыргыз (1924-жылга чейин казак аталышы кыргыз деп аталып келген) Илимий комиссиясынын курамында иштей баштаган (төрагасы Х.Досмухамедов болгон). Кийин 1924-жылы Кара-Кыргыз автономиялык облусу уюшулгандан кийин Кара-Кыргыз Илимий комиссиясы (Академиялык борбор) өз алдынча түзүлүп, Э.Арабаев анын төрагасы болуп дайындалган. Бул иш чара бир гана Э.Арабаевдин турмушунда мааниге ээ болбостон, бүгүнкү күндөгү Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын же жалпы кыргыз илиминин пайдубалы же башаты болгондугун учурда тарых тастыктоодо. Комиссиянын тапшырыгы менен 1922–1926-жылдар аралыгында Ыбырайым Абдрахман уулу Сагымбай Орозбаковдун оозунан 500 басма табак көлөмүндөгү Манастын төрөлгөнүнөн каза болгонго чейинки окуяны бүт жазган (алгач аны К.Мифтаков жазып баштаган). Илимий комиссияга кыргыз тилинин алфавитин түзүү, кыргыз алиппесин, башталгыч класстар үчүн окуу китептерин жазуу, сабатсыз чоңдорго окуу куралын түзүү, мугалимдерге методикалык колдонмолор даярдоо, элдик оозеки чыгармаларды жыйноо ишин улантуу, жыйналган фольклордук чыгармаларды басмага даярдоо, кыргыз тилинин терминдерин илимий жактан иликтөөгө киришүү жана газета чыгарууга даярдык көрүү сыяктуу милдеттер коюлган.
Негизинен кыргыз интеллигенция өкүлдөрү А.Сыдыков, И.Айдарбеков, Э. Арабаев ж.б. тынымсыз аракеттери, кажыбас эркинин натыйжасында 1924-жылы Кара-Кыргыз автономиялык облусунун түзүлүшү ХХ кылымдагы кыргыз элинин улуу жеңиши, жетишкендиги болгон. Ошону менен бирге жаңыдан түптөлгөн өлкөдө биртоп маанилүү иш-чаралар ишке ашырылган. Маселен, ошол эле жылы “Эркин-Тоонун” (улуттук тунгуч гезиттин биринчи редактору О.Алиев, редакциялык коллегиясынын курамында: Э.Арабаев, К.Тыныстанов, С.Карачев болуп, чыгарууга адис журналисттер жетишсиз болгондуктан,Ташкентте билим алып жаткан кыргыз студенттери да ишке тартылган), Э.Арабаевдин “Алиппеси” ж.б. жарык көрөт. Жалпы жонунан, Эшенаалы Арабаевдин 1924-жылы жарык көргөн алиппеси төрт жолу басылып, 1930-жылы “Биздин мектеп” деген ат менен жарык көргөн. “Бир сөз менен айтканда,- деп белгилеген окумуштуу А.Осмонкулов, 1911-жылдан тартып 20 жыл бою миңдеген мектеп окуучулары ушул “Алиппе” китебинен сабатсыздыгын жоюуга жетишкен”.
-Албетте, агартуучунун “Алиппесин” ал мезгилде сындагандар да болсо керек?
-Ооба,сындагандардын бири Назир Төрөкул уулу (Түркстан БАКнын мүчөсү) болгон. Анын “Ак жол” гезитинин 1924-жылы №497 санында чыккан макаласынан мисалдарды келтиребиз: “«Ушул кыргыз алиппесинде заманга тиешелүү окшоштугу бар бир ооз аңгемеси жок. Китептин баш жагында шаблон сыяктандырып: «Бардык дүйнөнүн эмгекчилери бириккиле!» – деген урааны бар. Бирок, китептин ичинде ошол ураандын ээсине тиешелүү бир ооз сөз эмне үчүн табылган эмес. Мунун маанисин биз ойлонуп-ойлонуп тапкан жокпуз. Канчалык шашылыш болгону менен балдар түшүнгөндөй кылып, бир ооз Ленинден, 1917–1920-жылдардагы тарыхынан, кеңеш өкмөтүнүн же кедейдин дүнүйөдө ким экенин жазып чыгууга мүмкүн эле го, алиппенин эң аягындагы тору тайды билген бала буларды кантип эле билбей калсын», - деп жазган.
Бул макалага Э.Арабаев да ошол эле гезитке жооп жазган: “Бул алиппенин ичинде кеңештин негизин түзгөн кедей айтылган эмес деген анын «калпы». Алиппенин майда аңгемелеринин баарысы дээрлик кедейдин турмушу, эмгек жаатынан алынган. Карагат термек, арпа тартмак, суу ташымак, суу чыгармак, балыкчылык, багбанчылык, бүркүтчүлүк, кой, жылкы бакмак, кыргыздын эмгегинин негизи!
Бул болсо 2-3 айлык башталгыч алиппенин ичине мектепке жаңы гана келип башы айланып олтурган балдар үчүн коммунисттик партия, “Кошчу” союзу, 1916-жылдардын тарыхын, таржымакалын жазбаптыр дегендигинин туура эместигин жазган.
Эшенаалы Арабаевдин бул жообу анын өтө тажрыйбалуу педагог, методист экендигин таасын айгинелеп турат. Анткени, чындыгында 6–7 жаштагы балдардын психологиясына, туюмуна, жөндөмүн эске алганда аларга Э.Арабаев жазгандай Ленин, партия, эмгекчилер тарыхы түшүнүүгө оор болорун бүгүнкү күндө ар бир башталгыч класстардын мугалими далилдеп бере алат.
Ушул жылдары жарык көргөн окуу китептеринин сабатсыздыкты жоюудагы ролун жөнүндө айтпай кетүүгө мүмкүн эмес. Алардын ичинде, 1926-жылы Э.Арабаевдин кыргыздын дагы бир көрүнүктүү агартуучусу Б.Данияров менен бирге чоңдор үчүн жазышкан “Алиппе” китеби, 1928-жылы биринчи жолу латын алфавити менен “Эне тилибиз” деген үч миң нускадагы окуу китеби, 1929-жылы К.Тыныстанов тарабынан даярдалган “Жаңы айыл” деген 25 миң нускада жарык көргөн окуу китеби, 1931-жылы “Эне тили” ж.б. жарык көргөн.
Э.Арабаевдин 1924-жылы жарык көргөн “Алип-бээси” Кыргызстан аймагында эле эмес, чет жактарда да пайдаланылган. Алсак, изилдөөчү М.Эсенгулова Кытайдын Артыш шаарында Абдыкадыр Токторов менен жолугушкан учурда, “1933-жылы Кытайда алгачкы уйгур, казак алиппелери жарык көрүп, ал эми кыргыз алиппеси болбогондугун дадилдеген. Ал 1924-жылы Кыргызстандан чыккан Э.Арабаевдин “Кыргыз алиппесинин” негизинде “Кыргыз жазуу долбоорун” даярдап, 1938-жылы жарыкка чыгаргандыгын айтып, Э.Арабаевдин алиппесинде 25 тамга болсо, анын алиппесинде 30 тамга болгондугун жана ал окуу китеби учурда да пайдаланылып жаткандыгын белгилеген.
-Тарыхка кайрылсак, алгачкы кыргыз интеллигенциясы кимдердин курмандыктары болду? Эмне себептен деп ойлойсуз? Арабаев 1933-жылы камалып, Ташкент түрмөсүндө каза болгон деген маалымат бар...
-Кыргыздын алгачкы интеллигенция өкүлдөрүнүн бири –Уфадагы “Галия” медресесин бүтүргөн Искак Канат уулу 1916-жылкы көтөрүлүштөн кийин анын активдүү катышуучусу катары падышалык бийлик тарабынан дарга асылган жана анын атасы, Кочкордо мектеп ачкан Канат Ыбыке уулу Верныйда түрмөдө каза болгон. 1917–1918-жылдары Совет бийлиги орногондон кийин Э.Арабаев, И.Шайбеков, Исамедин Шабданов ж.б. 1920-жылы Ленинге жазган катында көрсөтүшкөндөй, белгилүү манап, Сайлык айылында мектеп ачкан Дүр Сооромбай уулу, Түптө мектеп ачкан Сагаалы Алматаев ж.б. Кызыл Армиянын аскерлери тарабынан атылган. Дагы бир топтору – Кемел Шабдан уулу, Акматбек Кудайбергенов, Боогачы Жакыпбек, Казыбек Казалчы сыяктуулары коллективдештирүү учурунда кулак катары айдалышкан.
1930-жылдары Совет бийлиги бир кыйла бекемделип калгандан кийин такшалган саясий ишмерлерди, агартуучуларды же эл арасында кадыр-баркы жогорулай баштаган интеллигенция өкүлдөрүн куугунтуктай башташкан. 1933-жылы Абдыкерим Сыдыковду, Эшенаалы Арабаевди түрмөгө камап, Эл комиссарлар кеңешинин төрагасы Жусуп Абдрахмановду ар кандай шылтоолор менен кызматтан алышат. Алгачкылардан болуп Э.Арабаев Ташкенттин түрмөсүнөн каза табат. Анын өлүмүнүн сыры азыркыга чейин белгисиз. Андан кийин репрессия күч алып, 1937–1938-жылдары апогейине жетет. Канчалаган күнөөсүз адамдар жалган жалаа менен атылышат. Бул бир жагынан, бийликтин элдин үшүн алуу, экинчи жагынан, өз бийлигин бекемдөө максатында ишке ашырылган. Атылган, куугунтукталган, чет жакаларга айдалган миңдеген адамдар тууралуу Кыргызстан эгемен өлкө болгондон кийин гана белгилүү боло баштады. Бул да болсо эгемендүүлүктүн бир көрүнүшү жана өлкө үчүн анын эң негизги байлыгы, баалуулугу – ар бир адамдын тагдыры, өмүрү баалуу экендигин тастыктоочу далил катары айта кетүү абзел.
-Илимий изилдөөлөрүңүздө Ишеналы Арабаев тууралуу коомчулук али билбеген кандай маалыматтарды таба алдыңыздар?
-Россия империясынын карамагындагы мусулман элдериндеги же болбосо Борбордук Азия, Волга боюнда, Крымда, Кавказда тараган агартуучулук-жадидчилик кыймылынын Кыргызстан аймагында да таралышы жана Эшенаалы Арабаевдин бул кыймылдын көрүнүктүү өкүлдөрүнүн бири экендигин далилдедик.
-Совет бийлиги орногондон кийин анын Кыргыз Тоолуу облусун түзүү долбоорунун демилгечилеринин бири, Кара-Кыргыз автономиялык облусун түзгөндөрдүн же болбосо мамлекеттик, саясий ишмер да экендиги далилдүү фактылар менен көрсөтүлдү.
-Э.Арабаевдин “Казак”, “Ак-жол” гезиттерине жарыяланган мурда белгисиз макалалары жарыяланды.
-Изилдөөчү Ж.Байдилдеев тарабынан Казакстандын Президенттик архивинен Э.Арабаевдин 1920–1922-жылдар аралыгында Верный шаарындагы партиянын Жети-Суу обкомундагы ишмердүүлүгү жөнүндө биртоп архивдик документтер табылып, алар беш томдукка киргизилди.
-Кыргыздын интеллигенциясынын алгачкы өкүлдөрүнүн бири Ишенаалы Арабаев тууралуу кызыктуу маек куруп бергениңизге ыраазычылык билдирем. Аттиң, кайран гана атактуу аталарыбыз жалган жалаа, догурунган доонун курмандыктарына айланышпаса, мамлекетибиздин өнүгүп-өсүшү дагы бир топ жылдарга алдыга озуп кетээр беле деген ойго келип олтурам.
Маектешкен Гүлмира Кулумбаева
КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер