Жаңылыктар
Улуттук госпиталдын нейротравматология бөлүмүнө 35 миллион сомдук микроскоп аппараты тапшырылды
Кыргызстан жаңылыктары
Улуттук госпиталдын нейротравматология бөлүмүнө 35 миллион сомдук микроскоп аппараты тапшырылды

Бүгүн, 2023-жылдын 23-январында Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук госпиталдын нейротравматология бөлүмүнө оор операцияларга керектелүүчү нейрохирургиялык LEIСA M 530 OHX микроскоп аппараты берилди. 

Аппараттын келүүсүнө “Кумтөр Голд Компани” жабык акционердик коому демөөрчүлүк кылган жана анын баасы 35 млн сомду түзөт.

 Микроскопту тапшыруу аземине “Кумтөр Голд Компани” жабык акционердик коомунунун вице президенти Абакиров Улукмырза келип КР саламаттык сактоо министри Гүлнара Баатырова, Улуттук госпиталдын башкы дарыгери Токтобай Маанаев, профессор, нейрохирург Миталип Мамытов жана нейротравматология бөлүмүнүн дарыгерлеринин катышуусунда тапшырды. 

Өз сөзүндө саламаттык сактоо министри Гулнара Баатырова акыркы үлгүдөгү заманбап операциялык микроскоп бүгүнкү күндө нейрохирургия тармагын өнүктүрүүгө өбөлгө түзүп, аны менен бирге элибизге көрсөтүлүп жаткан жардамдын сапаты көтөрүлөөрүн белгиледи. “Өлкө башчысы тарабынан саламаттык сактоо тармагын өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулуп жатат, бүгүнкү алынган жабдуу дагы ошонун бир мисалы деп айтып кетким келет. Бул заманбап аппараттын жардамы менен нейрохирургиялык жардамга муктаж бейтаптарга көрсөтүлүүчү жардамдын сапаты жакшырып, ошондой эле дарыгерлердин ишин да жеңилдетет. Биз бул үчүн “Кумтөр Голд Компани” жабык акционердик коомунун жетекчилигине ыраазычылыгыбызды билдиребиз”, - деди Гулнара Баатырова.

Мындан тышкары өлкө жетекчилигинин демилгеси менен, калкка көрсөтүлчү медициналык кызматтын сапатын көтөрүү максатында саламаттык сактоо уюмдарына заманбап компьютердик томограф, рентген-аппараттар берилип жатканы айтылып, жакынкы арада Улуттук Госпиталга Магниттик резонанстык томограф аппараттары орнотулары да белгилүү болду.