Жаңылыктар
Парламенттер аралык кызматташтыкты тереңдетүү
Кыргызстан жаңылыктары
Парламенттер аралык кызматташтыкты тереңдетүү

Кыргызстан менен Казакстан парламенттер аралык кызматташтыкты жаңы деңгээлге чыгаруу ниетинде. Бул максатта коңшу өлкө достук Жол картасын иштеп чыгууну сунуштап жатат. Мындай демилгелер Казакстандын Парламентинин Сенатынын Төрагасы Маулен Ашимбаевдин Кыргызстанга болгон расмий сапаранын алкагында Жогорку Кеңештин Төрагасы Нурланбек Шакиев менен жолугушууда көтөрүлдү. Тараптар байланыштарды бекемдеп, мамлекеттер ортосундагы мыйзам чыгаруу, чек ара, суу, соода-сатык жана башка багыттардагы байланыштарды тереңдетүүнү көздөп жатат.