Жаңылыктар
MegaComдун жетекчисинин экс-кеңешчиси А.Абеков 25 жылга эркинен ажыратылды
Коррупция
MegaComдун жетекчисинин экс-кеңешчиси А.Абеков  25 жылга эркинен ажыратылды

MegaCom компаниясынын башкы директорунун мурдагы кеңешчиси Алмаз Абековду Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту 25 жылга эркинен ажыратты. Бул тууралуу анын жактоочусу Икрамидин Айткулов билдирди.  

Эске сала кетсек, 2012-жылы январда УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы "Альфа Телеком"  ишканасынан коррупциялык схемалар аныкталганын, мамлекет 142 миллион сом  сом зыян тартканын билдирген. 

Кийин оффшордук аймакка дагы 6 миллион доллар чыгарылып кеткени жарыяланган эле Бул ишке тиешеси бар деп мурдагы башкы директор Азамат Мурзалиев, анын кеңешчиси Алмаз Абеков, “Новострой Сервис” ишканасынын жетекчиси Кенжебек Аман уулу айыпталышкан.


Элдик Репортер КТРК : кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз!
WhatsApp +996551748118
Элдик Репортер КТРК : присылайте нам ваши видео, фотографии, заметили что-то интересное- отправляйте нам!
WhatsApp +996551748118