Кылкыякчы Сайид(Саид Бекмуратов)
“Ачылганың Акмандын,
Гозосундай Паризат ой,
Мас кылганың Чаңгектин,
Бозосундай Паризат ой,
Паризат ой, Паризат ой,
Дарычаңдан кол узат ой!-
деген чыгарманы кыл кыяктын коштоосунда далай эле уктук. Кыл кыяктын коңур үнү менен айкалыша чыккан лирикалык маанайдагы ыр жүрөккө жакын болду.
Сүрөт баяны. Менин бул макаланы жазуума бир сүрөт себеп болду. Илгерки сүрөт. Нечен жылдап жыйнаган китептеримддин арасынан табышмактуу сүрөт капысынан колума тийип калды.Кимден алганымды, качан китептин арасына салып койгонумду эстей албай койдум. Кыл кыякчан атаны тааныдым. Ал Сайид Бекмуратов, жанындагы кыргыз түспөлдөшкөн байбичени тааный албадым. Мүмкүн биз таанып-тааныбаган кесиптешиби, же союзду кыдырып жүргөндөгү гастролдогу сүрөтпү, айтоор тааныбадым. А кишинин колунда дагы музыкалык аспап... чүкөлөрүн карап туруп жетиген аспабы окшойт деген ой келди.
Кыл кыяк. Аксакалдын колундагы кыл кыяк элдик музыкалык аспаптын бир түрү.Үнү коңур.Тулкусуна өткөн доордун обонун,күүсүн топтоп турат.
Негедир кыл кыякты скрипкага окшоштурдум. Жок, жок, мен музыка таануучу эмесмин. Ошентсе да скрипкага окшош музыкалык аспаптын байыркы көчмөндөр деп аталган кыргыз элинде бүгүнкү күнгө чейин жашап келе жатканына сыймыктандым.
Скрипка арабдын ребабы, испандардын фидель, германдардын рота музыкалык аспабынын ширелишкен түрүнөн пайда болуп, бара-бара анын формасынын калыптанышы ХVI кылымга таандык болуптур.
Ал эми, биздин кыл кыякта да дүйнөлүк улуу композиторлордун чыгармаларын алардан кем калышпай ойноо мүмкүнчүлүгү бар дешет билгендер...
Мен таап алган сүрөттөгү адам Сайид (Саид) Бекмуратов белгилүү музыка изилдөөчү Балбай Алагушевге өмүр баянын төмөндөгүдөй баяндайт:
“Атам менен энемдин айтымына караганда эл жайлоого көчүп жатканда Оштун Кара-Суу районундагы Жылкелди деген айылында төрөлүптүрмүн. Жыл сүргөн карыялардан туулган жылымды сүрдүрүп олтуруп 1901-жыл деп койдум... Кыяк тартуунун башын чоң атаман баштап, андан аркысын Нармат, Айдараалы, Ашыр деген чоң кыл кыякчылардан уладым”.
1933-жылы Бишкекке чакырылып, адегенде музыкалуу драма театрында, кийин 1931-жылдан 1961-жылга чейин филармонияда иштеген.
“Аксакалыбыз Муратаалы, Карамолдо, Калык, Осмонкул, Шаршен, Адамкалый, Муса эле. Ошентип, бардыгыбыз сегиз элек. Биз оркестр уюштурдук...1935-жылдан баштап Муратаалыдан күү үйрөнө баштадым”, -дейт Сайид Бекмуратов. (Б.Алагушев “Кылымдардын кылдары” 2005)
Ал “Паризат”, “Бери чык”, “Чырак ой, “Эң кызык”, Муса Баетовдун “Арпанын Ала-Тоосунан”, Абдылас Малдыбаевдин “Кызыл жоолукчан”, Жумамүдүн Шералиевдин “Пахтам”, Райкан Шүкүрбековдун “Терме” сыяктуу чыгармаларын кыягынын коштоосунда кубулжута ырдап, элдин сүймөнчүлүгүнө татыган.
Сайид Бекмуратовдун шыгына шык кошкон устаты Муратаалы болгон. Улуу музыкант менен бир кыйла жыл үзөңгүлөш жүрүп, анын “Кер өзөн”, “Кош кайрык”, “Кыз кербез”, “Селкинчек”, “Бекташ”, “Ак токту” деген күүлөрүн үйрөнгөн. Элдик “Ак барак ботом”, “Бекарыстан тайчы”, “Куу инген”, “Кедейбайдын күүсү” аттуу татаал мазмундуу, табышмактуу кайрыктагы күүлөрдү чеберчиликте ойногон.
Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында майдандык концерттик бригада менен фронттогу аскерлерге өнөрүн тартуулап келген. Кыргыз адабияты менен искусствосунун Москвада өткөн декадаларынын эки жолкусуна тең катышып, КР эмгек сиңирген артисти деген ардактуу наам жана “Ардак белгиси” ордени жана медалдар менен сыйланган.
Кыргыз элинин байыркы сейрек кездешүүчү музыкалык аспабында элдик күүлөрдү чебер аткарып, бирден-бир албан кайрыктарды жараткан Сайид Бекмуратов 1966-жылы Фрунзе шаарында дүйнөдөн кайткан.
Мына, окурман, табышмактуу сүрөттөгү кыргыздын улуу кыякчысынын кыскача өмүр таржымалы ушундай...
Гүлмира Кулумбаева