Жаңылыктар
2023-жылга Кыргызстанда 248 млрд сом салык жыйноо планы коюлду
Экономика
2023-жылга Кыргызстанда 248 млрд сом салык жыйноо планы коюлду

2023-жылы Мамлекеттик салык кызматына 248 млрд сом салык жана камсыздандыруу төгүмдөрүн жыйноо планы коюлду. Бул тууралуу салык кызматынын төрагасы Алтынбек Абдувапов билдирди.

Абдуваповдун айтымында, анын ичинен салык боюнча 196 млрд сом, ал эми камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча 51 млрд сом чогултуу пландалууда.

“Коюлган планды салыктарды фискалдаштыруу жана көмүскөдөн чыгаруу менен аткарабыз деп жатабыз”, - деди ал.