Жаңылыктар
Өзбекстандын президенти мамлекеттик сапар менен Кыргызстанга келет
Саясат
Өзбекстандын президенти мамлекеттик сапар менен Кыргызстанга келет

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев 26-27-январда мамлекеттик сапар менен Кыргызстанга келет. Бул тууралуу Президенттин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди. 

Сапардын алкагында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен эки тараптуу сүйлөшүүлөр пландалууда. Өлкө лидерлери тар жана кеңейтилген курамда кыргыз-өзбек стратегиялык өнөктөштүгүнүн кеңири чөйрөсүндөгү маселелерди, ошондой эле достук, боордоштук жана ынак коңшулук мамилелерди мындан ары өнүктүрүү пландарын талкуулашат. 

Мындан тышкары бир катар эки тараптуу документтерге кол коюулат. Шавкат Мирзиёевдин мамлекеттик сапарынын алдында эки өлкөнүн ишкер чөйрөлөрүнүн ортосундагы байланышты чыңдоого багытталган кыргыз-өзбек бизнес форуму өтөт.