Балыкчы-Барскоон жолунун курулушу кыш мезгилине карабай уланууда.
Суук аба ырайына байланыштуу январь айынын башында он күн гана тыныгуу алган жумушчулар кайрадан ишке чыгышты.
Жолчулар учурда Тоң районунун Бар-Булак айылында тилкелерди тегиздеп, көпүрө курууда.