Жаңылыктар
Басма сөзгө баяндама: Гимнге тили күрмөлбөгөн Артыков жана Баш мыйзамды билбеген Рыспаев
Кыргызстан жаңылыктары
Басма сөзгө баяндама: Гимнге тили күрмөлбөгөн Артыков жана Баш мыйзамды билбеген Рыспаев

Оппозиция Текебаевден жүз үйүрдү, деген ат менен бүгүн Фабула жарык көрдү.  Бул аталыш оппозиция өткөргөн курултайга Убактылуу Өкмөттүн өкүлдөрү жана оппозициячыл делишкен Мадумаров, Суваналиев жана Наргозуевдин келбей коюшкандарын  жазган макалага таандык. 

Ошондой эле Фабула пресс бурчу гимнге тили күрмөлбөгөн Артыков жана Баш мыйзамды билбеген Рыспаев дегенди бөлүп жазды. Мурда арнамысчы, азыр КСДПнын байрагын көтөрүп жүргөн Анвар Артыков кандай кыйын мыйзамчы экенин билбейбиз, бирок көпчүлүктүн көзүнө ар дайым негатив жагынан көрүнө бергени берген.  Айталы жазында эле жол тандабасын Бишкектеги жөө адамдар өтүүчү тратуарга коюп коюп, МАИ кызматкерлерине документтерин бербей, депутаттагына салып, өзүм билемдик кылганы тууралуу тасма бир топ “хит” болгон.  Эми болсо маалымат агенттигинин Кыргызстандын гимнинин экинчи куплетинин биринчи сабы кандай башталат деген суроого түз жооп бербей, “мен вокал менен шугулданбайм” деп керсейип турганына коомчулук күбө. Жок дегенде гимндин суралган сабын таппаса да, башка кесиптештери тууралуу кыңылдап, башынан баштап, ырдап койсо, ыраазы болосуң да. Тили буулуп калса да.   

Ал эми учурда Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча эң активдүү депутат Кожобек Рыспаев болсо өзү эгемендикти алган  Кыргызстандын алгачкы Баш мыйзамы качан кабыл алынганын билбейт экен. “Деңгээлиң кандай депутат” дегиң келет. Ал ортодо дагы бир эл өкүлү Кенжебек Бокоев нандын баасын 50 сомго чейин деп бааласа, дээрлик депутаттардын көпчүлүгү 20 сомдук валютада кимдин сүрөтүн түшүрүлгөнүн билбей ага караганда 10 доллардык купюрадагы Бенджамин Франклинди жакшы таанырын жашырышкан жок деп жар салат Фабула. 

Кыска жаңылыктардын арасынан Саматтын ардагерге көрсөткөн кордугу деп Бишкек шаардык Ички Иштер Башкармалыгынын башчысы Самат Курбанкулов тууралуу жазылат. Анда 30 жылдан ашуун иштеген ардагерди кабыл албай, кадимкидей каада күтүп кадаланып калганына таңкалып жатабыз деген гезит отставкадагы ИИМдин ардагерлери Бишкек ички иштер башкармалыгынын башчысына кире албаса, анда жөнөкөй жарандарыбыз кайдан кирмек. Бул жагына ак же көк деп койбойсузбу деген суроону коет. 

Ушул эле жерде Ахмат айыпталып, бирок акталып чыкты деген аталыштагы маалымат бар. Буга да таң калган Фабула  гезити Жогорку Сот Бишкек шаардык сотунун чечимин күчүнө калтырып, бюджетке 10 млн  сом айып төлөтүп, эркиндикке чыгарып бергени, башкача айтканда чоң саясаттын чордонуна  карата  кадам шилтей турган шартты түзүп берип койду дейт. 

 Атаңдын көрү болсоң эле Ахмат мырзадай бол, өмүр бою мамлекеттик кызматта иште, байы, кылмыш ишин козголсо да Германияга дарыланганы кетип Дубайда эс ал, тийиштүү адамдар менен ымалаш да, келип акталып кайрадан саясий фигура болуп жүрө бер. 

Жизнь малина эмей эмне?,- деп жазат гезиттин оңтойсуз суроолор рубрикасы КРнын Куралддуу күчтөрүнүн башкы штабынын начальниги Райымберди Дүйшөнбиевге  Каралар куралданып бүттүбү? деп, кулак укса, курсак кайнайт болуп жатабыз, кечээги дүң болгон коргоо комитетинин башчысынын айдоочусу караларга курал сатыптыр деген каңшаар менен жакында эле курал сатуу боюнча мекемелер аралык комиссия ишти иликтеп  чыгып 26 чоң мылтык,  14 Макаров пистолети, 13 миңден ашык ар түрдүү калибрдеги октор,  жок болуп чыкканы аныкталганын белгилеп,  Сиз кол алдыңыздагы ведомстволордун кылмыштуу аракеттерин көрбөй жатканыңыз ачыкталып калды го деп берилет. Кийинки суроо Оштогу кылмы коррупциясына качан чекит коюлат Урматту Индира Ырысбаевна деп Башкы прокурор айымдын  көңүлүн  Ош, Жалалабад шаарларын калыбына келтирүү  боюнча дирекциянын ишине юридикалык баа берилбей жатканына бурган. Эсеп палатасы таап чыккан 118 млн  артык баш каражат сарпталганы боюнча бүгүнкү күнгө чейин Башкы Прокуратура аныктап чыга албалагына коңгуроо ташталган.  

Үчүнчү суроо  Алыңыз жетпеген да ЖОЖдор барбы  кымбаттуу министр айым деп Элвира Сариевага жолдонот.  Бул суроо кыргыз-орус билим берүү Академиясына нааразы болуп, акыйкат издеп жүргөн студенттердин бар экенин минситр айымдын эсине салат.  Өзүмдү президенттин алдында ыңгайсыз сездим деген Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимовдун маегине Фабула да орун берген. Мындай аталыш жер сатып жатканда бул жер  Дастан заводуна караштуу  жер болгонун убагында айтпай калганын бул маселе саясатка айланып кетерин ойлобогонуна карата аталган. 

Мындан тышкары бул маектен 8 айда иштеген иштери боюнча, шаардын бюджети, ЖКтин депутаты Өмүрбек Текбаев менен  соттошоору, буга чейин Текебаев менен мамилеси бар же жок экени туурасында малымат аласыз, кызыксаңыз,карап коюңуз. Ошондой эле көлөмдүү маек экс депутат Жылдыз Жолдошевадан Төлөйкан менен Азизаны атамдын үйүнө жашынтып өлүмдөн алып калгам деген аталышта алынган. Кыргыз тажик жазуучусу Мирзохалим Каримовдун  Күн Ата менен Жер Эненин диолог монологу же адамзатка кайрылган Ааламатка алпарчу жолдобуз деген ойго салган кызыктуу макаласы бар, көз жүгүртүп өтүңүз.

Эми расмий гезиттерди барактай кетели. Биринчи иш сапар, эки тараптуу келишимдер деп өлкө президенти Алмазбек Атамбаевдин Грузияга болгон биринчи иш сапары туурасында жазылган баш макала менен Кыргыз Туусу жарык көрдү. Макаладан Расмий сапардын алкагында өткөн жолугушуулар Грузия президенти Георгий Маргвелашвили менен жолугушуусун жана кызматташууга байланышкан документтерге кол коюлушу боюнча кабардар болосуз. 

Кыргыз-Туусу пресс бурчунан Манасчы тууралуу фильм монтаждалып жатканын, муфтий кайда десе, Евразия Ислам кеңешинде экенини, Москвадагы Кыргызстан соода борбору жеке колго өтмөй болгонун, Коопсуз шаар башталаарын, Өкмөт Бакиевге койгон доодон баш тартпасын , БУУ КРнын тынчтыкты орнотуудагы ийгиликтерин  оң жакка баалаганын окуй аласыздар. 

Ошондой эле бул сандан "Күйгөндөн чыккан күйдүргү сөз" деген аталышта Кыргыз эл жазуучусу, профессор Калканбай Ашымбаев атабыздын аксакалдык ак сөзүнө ортоктош болосуз. Ушул эле бетте композитор Исирадин Аманбаев "Адамгерчилиги бийик обончу, ыймандуу обон жаратат" деген аталышта чакан маек курган. Көз жүгүртүп өтүңүз.

Экинчи расмий гезит Эркин Тоо Кыргызстанда күжүрмөн адамдар бар үчүн мекенибиздин келчеги кең деген мамлекеттик сыйлык тапшыруу учурунда айткан президенттин сөзү менен жарыкка чыкты.Президенттин иш күндөлүгүндөгү башка маалыматтар менен да тааныша аласыз.  

Ошондой эле Эркин-Тоо Максим Бакиев жеңди дегендер терең жаңылышат деген маалыматты жазып анда Максим Бакиевге карата доо арызын чакырып алышын ар кандай мүнөздө жазып жаткандарга Кыргыз Республикасы Бакиев Азия Универсал Банкты банкроттуулукка жеткирүүгө жеке салымын кошуп өлкөгө зыян келтиргени жөнүндөгү позициядан кайтпай турганы түшүндүрүлөт. Буга байланыштуу доо арызын кайтаруу бул Кыргызстандын кызыкчылыгы үчүн убактылуу көрүлүп жаткан чара экенин чечмеленет. 

Мына ушуга окшогон башка маалыматтар менен бирге Эркин Тоо бүгүн 2016-жылдын 11-декабрына дайындалган шайлоого байланыштуу БШКнын токтомун жана календардык планын жарыялады. Жана башка укуктук нормативдик базалар,  документтер менен тааныша аласыз.



Элдик Репортер КТРК : кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз!
WhatsApp +996551748118
Элдик Репортер КТРК : присылайте нам ваши видео, фотографии, заметили что-то интересное- отправляйте нам!
WhatsApp +996551748118