Жаңылыктар
Бишкек шаарына бүгүндөн баштап жылуулук берилет
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкек шаарына бүгүндөн баштап жылуулук берилет

Бишкек шаарына 14-октябрдан тарта  жылуулук берилип баштайт.  Бул тууралуу  шаардык жылуулук борборунан билдиришти. Буга чейин шаар башчы  Албек  Ибраимов 1-ноябрга  чейин  борбор калаага  жылуулук берилиши мүмкүндүгүн айткан болчу. Мэр 13-октябрда  ушул айдын 14-октябрдан баштап жылуулук берилиши  боюнча буйрукка кол койду, деп билдиришти  мекеменин басма  сөз кызматы.  

Буга  Өзгөчө  кырдаалдар  министрлигинин  14-октябрдан тарта аба ырайы кескин өзгөрө турганын маалымдаган  кабары себеп болгон. Жылуулук  аба  ырайы  8 градуска  чейин  беш күн катары менен төмөндөгөндө гана  берилет.  Жылуулукка  төлөнө турган тариф өзгөргөн жок,  ири карыздары бар  турак үйдүн жашоочулары жана  мекеме, ишканалар  карызын толук төлөп бүтмөйүнчө  берилбейт,-  дешет адистер. Ал арада  синоптиктер бул күндөрү өлкө аймагында мезгил-мезгили менен жамгыр жаап, тоолорго кар тушөрүн  эскертишүүдө.

 Жылуулук берүү сезону  негизинен  6 айга созулат. Деген менен  соңку  күндөрү  аба-ырайындагы  өзгөрүүлөдөн улам  сезондун жүрүшүнө  өзгөртүүлөр  киргизилүүдө.   Тактап айтканда, өткөн жылы  сууктун эрте түшүүсүнө байланыштуу борбор калаага жылуулук   20- сентябрда берилип  баштаган.  Быйылкы сезон   14-октябрдан  баштала турган болду. 

Бишкек жылуулук  тармактарынын   сатуу бөлүмү  борборунун  башчысы  Шаршенбек  Сарыкеев  кошумчалагандай, жылуулук алгач  социалдык обьектилерге  берилип баштайт. Андан кийин көп кабаттуу турак үйлөргө. Бирок ошол эле маалда  ири  карызы барларга  карызы  төлөмөйүнчө  берилбеши  мүмкүн. Бүгүнкү күндө  жалпы  дебитордук карыздын көлөмү 179 миллон сомду түзүүдө дейт Сарыкеев.

Адистер  бүгүн буйрукка  кол коюлду,  демек  үйлөр жылуу болот деген ойдон  шаардыктар алыс  болуулары   керектигин  эскертишет.  Шаарды  толук бойдон  жылуулук  берүү менен камсыз кылууга  2 жума  убакыт керектелет дешет алар. Күзгү-кышкы жылытуу мезгилине Бишкек жылуулук электр борборуна  1 миллион  тоннадай  көмүр, 60 миллионкуба метр газ, 5-10 миң тонна мазут  керектелет.



Элдик Репортер КТРК : кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз!
WhatsApp +996551748118
Элдик Репортер КТРК : присылайте нам ваши видео, фотографии, заметили что-то интересное- отправляйте нам!
WhatsApp +996551748118