Жаңылыктар
Актер А.Мурадилаевди колдоо максатында кайрымдуулук концерти өтөт
Кыргызстан жаңылыктары
Актер А.Мурадилаевди колдоо максатында кайрымдуулук концерти өтөт

Бир топ жылдан бери  С гепатити оорусу менен күрөшүп келген  Азиз Мурадилаевдин абалы соңку күндөрү кескин начарлап,  чет өлкөдө жасалуучу кымбат баалуу операцияга муктаждыгы  коомчулукка белгилүү болгондон тартып ар тараптан колдоолор болуп жатат. Учурда Азиздин  абалы стабилдуу оор  дарыланууну улантуу үчүн  жекшембиде Москвага учууга камданып атабыз  дейт актердун апасы  Анара Сыдыгалиева

Кино жана театр тармагында көрүнүктүү ролдорду жаратып көркөм өнөрдө көрүүчүлөрүнүн  купулуна толуп , сүймөнчүлүгүнө айланган Азиз Мурадилаев 2001-жылы Москвадагы Шепкин атындагы жогорку театралдык  окуу жайын аяктаган. Табиятынан келбеттүү, ички энергиясы  толкуп турган таланттуу актер  эмгек жолун    кыргыз улуттук академиялык драма театрынын баштап ,сахнада андан кийин кыргыз тасмаларында  бир катар башкы ролдорду жараткан. Театрдын жамааты оор жагдайга туш болгон Азизге жардам берүүгө, колдоого даяр дейт актердун досу Нурлан Салидинов

Ал эми театрдын алдында түзүлгөн  Дем театрынын корком жетекчиси Назым Мендибаиров  учурда Азизди  колдоо   максатында   25-октябрда   кайрымдуулук концертинин уюштуруу иштери кызуу журуп жатат. Өзгөчө  бул  ишке киноматографистер департаменти , Ассоль Молдокматова жана бир топ инсандар зор колдоолорду көрсөтүп жатышкандыгын билдирди. 

Актердун операциясына  ЖК депутаттары да бир күндүк айлык акыларын которуу боюнча демилге көтөрүшүп,  төрага Чыныбай Турсунбеков  ар бир депутат өз ыктыяры менен бул маселе боюнча чечим кабыл алат –деди.

Боордун трасплантациясына муктаж  Азиз Мурадилаевтин  операциясынын алгачкы этабына   КР Президентинин социалдык коргоо жана колдоо фондунан 500 миң сом, Ош драма театрынын актерлору тарабынан 30000  сом которулду.  

Өнөр сыйлаган кыргыз элинин колдоосу,  биздин үй бүлөгө чоң колдоо болуп жатат. Өлкө башчыбыздын , депутаттардын , чыгармачыл чөйрөнүн  каржылык колдоосунан улам жакшылыка үмүт артып турабыз,  эл журтка ыраазыбыз дейт актердун апасы Анара  Сыдыгалиева.

Актерго операция Индияда жасалат .Эске салсак Азизге  4-даражадагы "боордун циррозу" деген диагноз коюлуп ал  трансплантацияга муктаж.  Аны колдоо максатындагы  кайрымдуулук концерти 25-октябрда кыргыз драм театрында өтөт. Билет баасы 500 сом. Түшкөн каражат актердун эсебине которулат.  

 Сайра Батыркулова  

Элдик Репортер КТРК : кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз!
WhatsApp +996551748118
Элдик Репортер КТРК : присылайте нам ваши видео, фотографии, заметили что-то интересное- отправляйте нам!
WhatsApp +996551748118