Жаңылыктар
Эржан Токотаев карьерасын Казакстанда улантат
Спорт
Эржан Токотаев карьерасын Казакстанда улантат

Кыргызстан курама командасынын дарбазачысы Эржан Токотаев өз күчүн Казакстан Премьер-лигасында сынайт.

Кыргыз футбол союзунун айтымында, футболчу «Каспий» командасы менен келишим түздү.

Былтыркы сезондо Токотаев «Турандын» курамында 22 беттеш өткөрүп, 9 оюнда дарбазасын кургак калтырган жана эки жолу пенальти тосуп кеткен.

«Туран» өткөн сезондун жыйынтыгы менен 13-орунду ээлеп, Казакстан Премьер-лигасынан Биринчи лигага төмөндөп калды.

Азыркы тапта Токотаев команда менен Түркияда окуу-машыгуу жыйынын өткөрүп жатат.