Жаңылыктар
Бекмолдо айыл аймагынын башчысы кармалды
Коррупция
Бекмолдо айыл аймагынын башчысы кармалды

Талас районунун Бекмолдо айыл аймагынын башчысы коррупцияга шектелип кармалды. Бул туурасында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет билдирди. 

Маалыматта айтылгандай, Бекмолдо айыл аймагынын ишмердигинде жергиликтүү инфраструктураны жакшыртууга бөлүнгөн бюджеттик каражаттарды өздөштүрүү менен байланышкан коррупциялык схема аныкталды. 2021-жылы айылда ички чарбалык жолдорду оңдоо иштерине 24 млн сомго тендер өткөрүлгөн. Андан соң, “Календер Курулуш” жоопкерчилиги чектелген коому менен келишим түзүлүп, аталган компаниянын эсебине биринчи траншта 5 млн 186 миң сом акча каражаты которулган. Андан кийин подрядчы тарабынан которулган каражаттардын толук өздөштүрүлгөнүн көрсөтүүчү аткарылган иштердин актысы берилген. Мындан тышкары, “Календер курулуш” күйүүчү-майлоочу майларга жана башка материалдарга болгон баанын көтөрүлүшүнө таянып, негизги суммага кошумча төлөө зарылчылыгы боюнча талаптарды коюп, ишти убактылуу токтоткон. Аткарылган иштер талапка жооп бербей, иштин өздүк наркы бир топ жогорулаган. 

Ыкчам-издөө чараларынын жүрүшүндө Бекмолдо айыл аймагынын башчысы, подрядчы компаниянын жетекчиси жана техникалык көзөмөлдөөчү менен кылмыштуу көмүскө бүтүмгө барып, жогорулатылган баада аткарылган иштердин актысына кол коюшканы аныкталды.

Жыйынтыгында иш жүзүндө аткарылган иштердин көлөмү 1 жарым млн сомдон ашпаганы аныкталып, 3 жарым млн сомдон ашык зыян келтирилген. Бул кылмыш ишинин алкагында Бекмолдо айыл аймагынын башчысы менен кошо “Календер-Курулуш” ишканасынын директору да кармалып Талас облустук милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.