Жаңылыктар
Бишкекте мектеп окуучулары эки күнгө онлайн окутууга өттү
Билим
Бишкекте мектеп окуучулары эки күнгө онлайн окутууга өттү

Бишкекте түштөн кийин (2-сменде) окуган бардык мектеп окуучулары 26-27-январда онлайн окутууга өттү. 

Муниципалитеттин маалыматына ылайык, 28-январдан тарта окуучулар кадимки режимде окуй баштайт.

Ошондой эле Ош базарындагы 31-январь, дүйшөмбүдө өтө турчу санитардык күн бүгүнкүгө жылдырылды. Бүгүн, 26-январда базар жабык болот.

Мындай чечим Өзбекстандын президентинин Кыргызстанга болгон иш сапарынын алкагында жолдордун тосулушуна байланыштуу кабыл алынды.