Жаңылыктар
Ала-Бука районунун борборуна 33 видеокөзөмөл камералары орнотулду
Аймак
Ала-Бука районунун борборуна 33 видеокөзөмөл камералары орнотулду

Ала-Бука районунун борборуна видеокөзөмөл камералары орнотулду. Бул тууралуу райондук администрациянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, видеокөзөмөл Ала-Бука айыл өкмөтү тарабынан демилгеленип, "Коопсуз айыл" программасынын алкагында аткарылды жана долбоордун биринчи фазасында райондун борборуна 31 видеокөзөмөл камералары жана жол эрежесин бузгандарды каттоочу 2 даана видеокөзөмөл камерасы орнотулду.

"Сервер жана көзөмөлдөөчү монитор Ала-Бука айыл өкмөтүнүн имаратына жана коопсуздукту өз убагында ыкчам уюштуруу, мыйзам бузууга жол бербөө максатында райондук ички иштер бөлүмүнүн имаратына орнотулду", - деп айтылат маалыматта.

Райондун акими Кайырбек Чаргынбаев “Коопсуз айыл” долбоорунун алкагында орнотулган камералардын иши менен жеринде таанышты. Алардын иштөө тартиби менен Ала-Бука айыл өкмөтүнүн башчысы Самат Койчумбаев жана райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы Азен Козукеев тааныштырды.

Видеокөзөмөл камералары орнотулган күндөн баштап, видеокамералардын жардамы менен 7 мыйзам бузуучулуктар аныкталып, жол эрежесин бузган 7 айдоочунун күбөлүгү алынган. Мындан башка 2 кылмыштын бетин ачууга мүмкүн болгон.