Жаңылыктар
УКМК: монополияга каршы жөнгө салуу агенттигинин адиси кармалды
Кыргызстан жаңылыктары
УКМК: монополияга каршы жөнгө салуу агенттигинин адиси кармалды

Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин башкы адиси пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул туурасында УКМК билдирди. 

Маалыматта айтылгандай, мекеменин Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыгы тарабынан Опузалап пара талап кылуу беренеси боюнча козголгон кылмыш иши боюнча ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында, Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин Жалал-Абад облустук башкармалыгынын башкы адиси акча каражатын алып жаткан жеринен кармалды. 

Кармалган адам Президенттин Администрациясына караштуу «Жалал-Абад мамлекеттик резиденциясы» мамлекеттик мекемесинен айрым кызматтарга макулдашуу жол-жобосунан өтүү үчүн акча талап кылгандыгы аныкталган. Тергөө жүрүп жатат.