Жакынкы бир айдын ичинде Кыргызстанда бензин 5-6 сомго арзандашы керек. Мындай божомолду Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы берди. Аталган мекеме, 2023-жылдын январь айынан тарта бензиндин түрүнө дүң баа төмөндөгөнүн билдирет. Бул чекене соодадагы наркка таасир этиши керек.